Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнүндө  жерлер мыйзамсыз сатылганы боюнча  Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолго тийиштүү жер учасктокторун жарандарга сатып салышкан.  Текшерүү учурунда ал  жерлерде сөөк көмүлбөгөнү аныкталган.

 

Факт боюнча, КР  Кылмыш жаза кодексинин 304  (“кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) жана 166  (“алдамчылык”) - беренелерине таянып кылмыш иши козголду. 

 

Тергөө жүргүзүү үчүн материалдар тийиштүү органдарга жиберилди.