Эртең, 17-октябрда Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 18-23 метрге жетет.
Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын табы -1…-3 суук, күндүз 0…+5; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын табы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +4…+9; Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…+5га жетет.
Ал эми Бишкек шаарында кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус жылуу.