Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады.

 

Мыйзам боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.