15 – октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүп, Тоң жана Жети – Өгүз районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, алардын негизги суроо – талаптарын угушту. Элдин суранычы таза суудан тартып, билим берүү мекемелериндеги эскилиги жеткен имараттар, арсар абалдагы курулуш жайларын камтыды. Депутаттар күбө болгон Тоң районундагы Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектеп 1936 – жылы салынган. Андагы балдардын саны мектеп сыйымдуулугуна дал келбей жаткандыктан, экинчиден, имараттын эскилиги жеткендигинен улам, 275 орунга эсептелген жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Ушул жайга 21 млн. сом бөлүнгөндө аталган мектептин спорт залы, от жагуу системасы толугу менен бүтүп, тамактануучу жайдын да маселеси чечилмек. Бул иштин жылышынан кабар берген маалымат болсо, ал эми айрым мектептерде мектеп тактасы (доска) менен партанын ортосундагы аралык 1 метрге жетип - жатпеген жыштыкта окуп жаткан окуучулардын маселеси да айтылды. Музыкалык мектептердин чатыры ана түшөт, мына түшөт деп тургандары да бар экен.
Жолугушууга келгендер жөлөкпулдун даректүүлүгү, маданий мекемелердин көңүлдөн сырт калып жаткандыгы, саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын тартыштыгы сыяктуу бир топ багыттын беймаза көрүнүштөрүнө эл өкүлдөрүнүн көңүлүн бурушту. Берилген суроолорго жооп берген депутат Аида Касымалиева баштапкы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө олуттуу көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, андагы адистердин айлык акыларынын жогорулатылганын билдирди. Ошол эле маалда акысыз медициналык кароолорду уюштуруу тобунун катарында да иш жакшы жүрүп жаткандыгын айтты. Бирок, жыйынтык ойлоното турган оор үшкүрүктөрдү пайда кылгандыгын да ачыктады. Мисалы, өспүрүм балдардын салмагы менен бою бири – бирине дал келбей жаткандыгы боюнча фактыларга токтолгон эл өкүлү, - бул туура эмес тамактануудан тартып, дене тарбиялык кыймыл - аракеттердин жетишсиздигине байланыштуу экендигин санады. Ошондой эле ал, - аз кандуулуктун көрсөткүчү балдар арасында көбөйүп жаткандыгы тынчсыздандырарын айтып, жаш балдардын өсүүсүндөгү биринчи миң күндүк өтө маанилүү процесс экендигин белгиледи.