Ноябрь айынын беш күнү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн иш күнү эмес. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 7-8-9-10-11-ноябрь эс алуу күнү болуп жарыяланат.
Белгиленгендей, 7-8-ноябрь Тарых жана бабаларды эскерүү күнү. 9-ноябрдагы иш күнү 3-ноябрь, ишемби күнгө жылдырылат. Ал эми 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туш келет да, мындан улам беш күн катары менен эс алуу күнгө айланат.