Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын башкарган Фарид Ниязов билдирүү жасады. Ал Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегендердин баарын жеңиши менен куттуктап, алардын ар бири азыркы президенттин бийликке келишине олуттуу салым кошушканын белгиледи. Ошондой эле, мурдагы штаб башчысы учурда бийликтен көңүл калуулар пайда болсо да, ал жеңиш баарына таандык болгонун билдирген.
"Азыркы саясий кырдаалдан улам ар кимибиз ар башка топко кошулууга аргасыз болсок да, ал кезде бул баарыбыздын жеңишибиз болгон эле. Албетте, учурда бийликтен көңүл калуулар бар. Элди иренжиткен көрүнүштөр да жок эмес. Бирок, биз баарыбыз жаркын үмүт менен учурдагы президенттин такка келүүсүнө аракет кылганбыз. Тарых баарын ордуна коет, ага ишенип коюңуздар. Убакыттын өтүшү менен эл чындык кайда, жалган жалаа кайда жатканын аныктап алышат. Таза эмгекти ким кылганын, кайсы тарапта куру сөз бар экенин да билишет.Ким тарапташ, ким кошоматчы экени да билинет. Коррупцияга каршы күрөш менен саясий куугунтукту да таразалашат", - деген Фарид Ниязов.