Чүйдүн Аламүдүн районунун үч тургуну 17-сентябрда "Мерседес-Бенц - 210" үлгүсүндөгү автоунаа менен үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайрылышкан эмес. Милицияга алардын ата-энеси арыз жазышкан. Кийинчерээк автоунаа Келечек конушунан табылган, бирок жүргүнчүлөрү дайынсыз кеткен.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2000-жылы туулган Ырысбек Султанов, 1999-жылы туулган Альбина Максүталы кызы жана 2001-жылы туулган Алина Канат кызы Токмоктон табылды. Алар үйдөгү уруш-жаңжалдан улам качып кетишкени белгилүү болду. Учурда бир туугандар жакындарынын колуна өткөрүлүп берилди.
Милициядан билдиришкендей, бир туугандар жашаган жерлерин улам алмаштырып турушкандыктан, издөө иштери бир айга созулган.