Жол кыймылын көзөмөлдөө Мамлекеттик башкармалыгынан билдиришкендей, 12-13-октябрь аралыгында адам өлүмү менен коштолгон төрт жол кырсыгы катталган. Аталган башкармалык жол кырсыгынын себеби катары жол шартынын жоктугун белгилешүүдө. 

 

12-октябрда болжол менен саат 17:30да Бишкек-Ош автоунаа жолунун Жайыл районуна караштуу аймагында эки автоунаа кагышып кеткен. Анын кесепетинен айдоочулар каза таап, жүргүнчүлөр ар кандай жарааттарды алышкан. Бул жол кырсыгынын себептеринин бири машиналар агымын жөнгө салып туруучу белгинин жоктугу болгон. 

 

13-октябрда болжол менен саат 21:30да Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Кемин районундагы аймагында автоунаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, жыйынтыгында жабырлануучулар каза табышкан. Ушул эле түнү Чүй облусунда үч жөө жүргүнчүнү да машине сүзүп, адам өлүмү менен коштолгон. Бул жол кырсыктарынын себептери катары жарыктандыруунун жоктугу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кичи жолдун салынбаганы айтылды.