Кыргызстандык окумуштуулардын диссертацияларында плагиат табылды. Илимий эмгектерди көчүрүп алууга мурдагы жана азыркы аткаминерлер дагы айыпталууда. Алар плагиат фактысын четке кагып, иликтөө жүргүзгөн орусиялык "Диссернет" уюмун алдамчы деп аташууда.
“Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Иликтөөчүлөр кыргыз окумуштууларынын 600дөй диссертацияны текшерип, көчүрүп алынганын аныкташкан.
"Диссернет" парламент депутаты Акылбек Жапаровду дагы плагиатка айыптоодо. Ал мурун вице-премьерлик кызматты аркалап, каржы министрлигин жетектеген. Аны менен кошо Жапаров илимий ишмердүүлүк менен дагы алектенген: 2009-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.
"Диссернет" Жапаровго таандык илимий эмгектеги эки жүздөн ашуун барактын жарымы плагиат экенин билдирген. Депутат мунун четке кагып, бул 2020-жылы өтө турган параменттик шайлоо алдындагы саясий оюн экенин кошумчалаган. Ал плагиат айыптоолорунун артында атайын кызыктар кишилер бар деп эсептейт.
"Диссернеттин" негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин доктору Андрей Ростовцев кыргызстандык окумуштуулар диссертацияларында Орусия окумуштууларынын эмгектерин пайдаланганын ырастоодо.
– Бизде орусиялык окумуштуулардын тексттеринин баары бар. Биз алар менен өтө тыгыз иштешебиз. Программа бул тексттерге окшош, бирок Орусияда жакталбаган башка тексттерди көрүп турат. Биз карап чыктык, көрсө алар Кыргызстанда экен, – деди ал.
Жапаровдон тышкары "Диссернет" өлкөдөгү башка белгилүү окумуштуулардын эмгектеринен дагы плагиат тапкан.
Юридика илимдеринин кандидаты Клара Сооронкулованын айтымында, Кыргызстанда илимий эмгектерди жактоо жана илимий макам алуу – “балит коррупциялык саз”. Ал диссертациялык кеңеш мүчөлөрү талапкерлерден акча аларын белгилейт. Илимий даража канчалык жогору болсо, тариф дагы ошончолук кымбат.
Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору жана 400дөй илимдин кандидаты бар.