Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө жана социалдык обьектилерге жылуулук берүү боюнча буйрук азырынча чыга элек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жылуулук берүү сезонун баштоо үчүн сыртта беш күн катары менен +8, же андан төмөн градустагы аба-ырайы болушу керек.
А эми азыр абанын температурасы +11 градусту түзүп жатат.
Мэриядан белгилегендей, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы сезонду баштоого даяр, тиешелүү мэрдин буйругу чыгаары менен жылуулук батирлерге бериле баштайт.