30-сентябрда, жекшемби күнү саат тогузга чукул Ош Эл аралык аба майданында Москва шаарын көздөй учкан Boeing 737 учагы кайрадан конууга мажбур болгон. Анткени, АviaTraffic компаниясына таандык учактын дөңгөлөгү кадимкидей жарылып, желими айласыз жешилип кеткен.
- Boeing 737 учагы бактыга жараша абага көтөрүлө элек эле. Бирок, учактагы жүргүнчүлөр жайгаштырылып, ал учуу тилкесине эми гана күүлөнгөндүктөн, алдыңкы дөңгөлөктөрү кадимкидей жарылган. Бактыга жараша дасыккан учкучтар өз маалында аба унаасын эптеп токтотуп калышкан. Дээрлик жапа чеккендер жок!– деди Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын директору Курманбек Акышев.
Тилекке каршы, АviaTraffic компаниясы бул окуяга комментарий берүүдөн баш тартып, Оштогу өкүлчүлүгүнө гана кайрылуубузду сунуш этишти. А Түштүк башкалаасындагы кызматкерлерине утуру чалганыбызда, башкалаабыздагы кеңсесинин коммерциялык бөлүмүнө байланышуубузду эп көрүштү. А акыркы мекемедегилер бир нече телефон чалуубузга дегеле жооп бербей кутулушту. Бул авиакырсык туурасында “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги дагы азырынча үн ката элек.
Эске салчу жагдай: аталган авиакомпаниянын учактары узаган айда дагы эки ирет авариялык конуу жасаган эле. Биринчи окуя ушул жылдын 29-июлунда, ал эми экинчиси 5-августта жүз берген. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөн дагы кийин негедир аргасыздан артына кайтып конушкан. Маселен, 29-июлда Ош шаарынан Анталияга 89 жүргүнчү ташыган учак дагы жолдо баратып, анан Бишкек шаарына конууга аргасыз болгон.
Бул каттамды жүзөгө ашырган АviaTraffic компаниясынын аты-жөнүн атоодон тайсалдаган өкүлү аргасыз конууну техникалык себептерге шылтап гана кутулду: “- Жүргүнчүлөр менен сүйлөштүк. 89 кишиге ысык тамак берилип, баары тең мейманканага жайгаштырылды. Учак калыбынга келтирилгенден кийин гана баарын Анталияга сөзсүз жеткиребиз!”.
Мындан тышкары ошол эле 30-сентябрда саат 9.00 чамасында Ош-Москва каттамы менен учуп батаркан АviaTraffic компаниясынын учагынын дагы дөңгөлөгү жарылып, аба кемеси 147 жүргүнчүсү менен кайрылып Ошко аргысыз конгон. А жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана башка учак менен Орусиянын башкалаасына жөнөтүлгөн.
Баса, авариялык конуу жасаган учактардын биринин жүргүнчүсү, Ош шаарынын тургуну Феруза ДУЙШАЕВА мындай дейт: “- Учак абада титирегенде, чынында, абдан катуу жабыркадым. Төрт баламды көрө турган күнүм бар экен, бактыга жараша, моминтип аман калдым. Рентгенге салышса деле, азыркыга дейре өзүмө толук бойдон келе элекмин. Өзү дүйнөлүк практикада мындай учурда кырсыкка чалдыккандардын бүтүндөй чыгымын учурган авиакомпания милдеттүү түрдө төлөйт. Мындайча айтканда, баарын толук бойдон компенсациялайт. Ошондуктан, Кыргызстандын “Авиатрафик” авикомпаниясы ар бирибизге өзүнчө компенсация төлөшү кажет! Биз муну эртедир-кечтир баары бир талап кылып, маселени Кыргыз Өкмөтүнүн алдына кабыргасынан коебуз!”.
Ошентсе деле, акыркы күндөрдө Оштон башка шаарларга учушкан каттамдардын дагы өз маалында аткарылбай жаткандыгын негизги авиакомпаинялардын бири АviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров деле ачык эле моюндады.
- 30-сентябрда Ош аба маңданында Boeing 737 үлгүсүндөгү учагыбыз кырсыктабадыбы. Ал учурда оңдолуп-түзөлүп жаткандыктан, бир нече ай мурда эле пландаштырылган каттамдарды мөөнөтүндө аткарууга таптакыр жетишпей жатабыз. Бирок, биз каттамдарды таптакыр токтотуп, жүргүнчүлөрдү көчөдө калтырган жерибиз жок го!– деди АviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров.
Бул арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Унаа жана жолдор министрлигине Ата Мекендик авикомпанияларга аба кемелеринин техникалык коопсуздугун туруктуу кармоону талап кылууну абдан катуу тапшырды.
- Мындай авариялык кырдаалдарга таптакыр жол бербеген оң! Анткени, жүргүнчүлөрдүн өмүрү коркунучка кептелип жатпайбы. Ошондуктан, ата мекендик авикомпаниялардан өздөрүнүн аба кемелериндеги авиациялык коопсуздукту эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүсүн талап кылам! Болбосо, биз дагы мыйзам чегинде мындан дагы катаал чараларды көрөбүз!- деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул заманбап талабы качан жана кантип аткарылаар экен? Аман турсак, а жөнүндө өзүнчө сөз кылмакчыбыз.
Бирок, жергиликтүү серепчилер Кыргыз бийлиги ар кандай Ата Мекендик жана чет өлкөлүк комиссиялдардын пикирин улам-улам тыңдап-эсептеше бербестен, чукул арада өз алдынча дагы кадам жасоосу кажет деп эсептешет.
- Албетте, дүйнөлүк практикада ушундай. Кыргызстандын “Авиатрафик” компаниясы, ошондуктан, жүргүнчүлөрдүн ар бирине моралдык жана материалдык токтоосуз түрдө компенсация төлөөгө түздөн-түз милдеткер. Мындан тышкары учакты аба ырайынын катаалдыгына карабастан учууга жана кайрадан Ош аэропортуна кондурууга уруксат беришкен диспетчерлер, аны башкарган экипаж-учкучтар бүт кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш! Ошондо гана мындай жорук экинчи кайталанбайт! Башка авитаорлорго дагы ачуу сабак болот! Антпесе, мындай аба ырайына шылтоологон авиакырсык дагыле кайталана берет, - деп тызылдады коомдук ишмер Айтпай Жээналиев.
А БУГАДЕЙРЕ…
2015-ЖЫЛДЫН 22-НОЯБРЫНДА Красноярск-Ош каттамын аткарган “Авиатрафик” авиакомпаниясынын “Боинг 737” учагынын экипажы аба коопсуздугу боюнча эрежени одоно түрдө бузган. Алар эртең мененки саат 7.50лөр чамасында Ош аэропортуна авариялык түрдө конуу жасаган. Ошону үчүн фактынын негизинде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Кырсык баскан жерге Транспорт прокурорунун орун басары Союзбек Сарыков жана ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү келип, атайын иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул кырсыктан улам Ош аэропортуна дагы олуттуу материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.
2009-ЖЫЛДЫН 7-МАЙЫНДА “Avia Traffic Company” авиакомпаниясынын Бишкек-Ош каттамындагы учагы конуп жатканда баллондору талкаланып, сол жана оң дөңгөлөктөрү кадимкидей учуп кеткен. Бактыга жараша мындан эч ким жабыркаган эмес.
2011-ЖЫЛДЫН 28-ДЕКАБРЫНДА Бишкек-Ош каттамын аткарып жаткан “Кыргызстан” авикомпаниясынын ТУ-134 учагы аба майданы абдан начар көрүнгөндүктөн, коноордо оң канаты сынып кеткен. Акырында күйө баштаган. 82 жүргүнчү (69 чоң киши, 4 бала, 9 ымыркай) жана экипаждын 6 мүчөсү сыртка чыкканга үлгүрүп, аман калышкан. Ошентсе да, 26 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Акырында учак биротоло күйүп кеткен.
2015-ЖЫЛДЫН 30-МАРТЫНДА “Эйр Манас” авикомпаниясынын “Боинг-737” учагы Бишкек-Ош каттамын аткарып келатып Ош аба майданына коноордо аянтчадан негедир тайып кеткен. Бактыга жараша, эч ким жапа чеккен эмес. Баса, учактын ичинде Ош шаарына келаткан Ооганстан футбол командасынын курама командасы дагы болгон.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити