1. Кочкорбаев

 

Ч.Айтматовдун “Кыямат” романынын башкы каарманы чабан Бостонду эске түшүрөлү. Бостондун жакадагы алиги парторг Кочкорбаев менен сүйлөшкөнүнөн, тоодогу Ташчайнар жана Акбара менен сүйлөшкөнү алда канча жеңилирээк болчу. Кочкорбаев деген тип тоодогу карышкырларга Караганда айыл чарбачылыгы үчүн да, рухий турмушубуз үчүн да алда канча зыяндуу, алда канча каргашалуу эле. Кочкорбаевди коркунучтуу кылып турган нерсе – бул анын мээсине кыт куйгандай орноп калган догмалар, акимчил-буйрукчул системанын канына сиңип калган пропагандисттик стандарттары.

 

Кыргыз калкы өмүрүндө тышкы күчтөрдөн, тоталитардык бийликтен, империядан жана ар кандай табигый кырсыктардан далай азап чекти. Ошондой эле өзүнүн ичинде отурган “душмандан” - Кочкорбаевчиликтен көргөн кордугу да андан аз болгон жок.

 

Парторг Кочкорбаевдин каршысындагы Бостон өзү табиятынан сергек, рухий жана акыл-эс саламатчылыгы мыкты өнүккөн киши. Жөнөкөй катардагы чабан Бостон Үркүнчиев бригадалык, үй-бүлөлүк, өндүрүштүк подряддар, бүгүнкү приватташтыруу чыкканга чейин эле, алда качан эле кандайдыр өзүнүн ички сокур туюму менен, инстинктивдүү түрдөбү, ушул аты аталган иш чаралардын керектигин туюк болсо да аңдап сезип, жыйналыштарда идея көтөрүп сүйлөп, өзүнө, өзүнүн өнөктөштөрүнө туруктуу пайдаланганга жер бекитип берүүнү совхоздун жетекчилеринен талап кылат. Ар ким билгениндей таптап, чаңын чыгарып баса берген жерден эмне майнап чыгат, деп кыжырданып сүйлөйт. Бостондун койгон талаптарына, көтөргөн демилгесине жооп бере турган киши – парторг Кочкорбаев.

 

А парторг Кочкорбаев деген ким? Кочкорбаев өзүнүн жекече пикири, менчик позициясы, инсандык өз алдынчалыгы жок, айланага даяр жоболордун “көз айнеги” аркылуу караган, принципттер, эрежелер менен эреже болуп катып калган, бирок алардын духун түшүнбөй тамгаларын жаттап алган, жандуу турмушту түз сызылган схема сыяктуу көргөн догматик пенде. Ушундай болуп туруп, ал өзүнүн бүгүнкү күндүн алдыңкы, үлгүлүү адамымын деп чын ниетинен эсептейт. Далай жылдан бери канча аракет кылса да, чабан Бостон ушул парторг Кочкорбаевге түшүнбөй келет. “Мойнунан галстугу түшпөйт, колунда качан болсо бир папке, качан болсо бирдеменин камын катуу көрүп жүргөн кишидей “иш, иш, айланайын иш көп» дейт, жүргөнү да ылдам, сүйлөгөнү да ылдам, сүйлөгөндө кудум гезиттен окубаткандай сүйлөйт. Бул: “Түшүндө деле жазылганды окубаткандай сүйлөп, түш көрсө керек”,- деп ойлойт Бостон. Мына ушул парторг Кочкорбаев чабан Бостондун жогорудагыдай “шектүү” идеясына көпчүлүктүн алдында трибунадан мындай деп “сокку урат”.

 

“Жолдош Үркүнчиев, жер деген бизде жалпы элдик мүлк. Конституцияда так ушинтип жазылган. Биздин өлкөдө жер элге, бир гана элге таандык, башка эч кимге таандык эмес. А сиз кышкы, жайкы жайыттарды, кашарларды, жем чөп, башка буюм-шаймандардын баарысын өзүңүздүн, мындайча айтканда, жеке менчигиңизге басып алгыңыз бар. Биз буга жол бере албайбыз, социализмдин принциптерин бурмалоого биздин акыбыз жок. Сиз түшүндүңүзбү, сиз кай тарапка бурулуп баратканыңызды, биздин кай тарапка түртүп жибергиңиз келибатканын? Мен, жолдош Үркүнчиев, сиздин жетегиңизге кетчү кишилерден эмесмин, анткени сиз айтып турган кеп - кулактардын демагогиясы, бирок эсиңизге салып жүрүңүз – сиздердин мезгил небак өткөн, биз социализмдин негиздерине кол салууга эч кимге жол бербейбиз!”.

 

Мына ушинтип аң сезими “Сталиндик кыскача курстун” алкагында калыптанган, “социалист”, парторг Кочкорбаев Бостонго, көпчүлүккө өзүнүн саясий жактан “сергек” экендигин, идеологиялык “грамотныйлыгын”, партиялык “кыраакылыгын” далилдейт. “Кыямат” романы жаңы эле жарыкка чыгып, элге тарап жаткан кезде Ч.Айтматов Россия жактан бир кат алыптыр. Катты жазган улгайган орус адамы экен. Каттын ээси атактуу жазуучуга сырын ачып, жакында бир кишини атып өлтүрүп, канга сабын болгонун билдириптир. “Эски большевикмин, көптөн бери жашырып жаныма сактап жүргөн, согуштан калган бир жалгыз огум бар эле. Ушул огум менен бир кишини атып өлтүрдүм”,- деген жерине келгенде Ч.Айтматов чочуп кетип, шашылып жубайын жанына чакырат. Таңданып, бир чети тынчсызданып, экөөлөп андан ары окушат. Каттын аягына чыккандан кийин гана жазуучунун санаасы ордуна келет. Көрсө, каттын ээси “Кыямат” романындагы оңолбос догматик Кочкорбаевди “атып өлтүрүптүр”.

 

Кечээ эле былк этпестей, солк этпестей көрүнгөн социализм каратып туруп эле биздин көз алдыбызда жок болуп кетти. Бирок, социализмдин кулашы менен биздин жумуриятта кочкорбаевчилик кошо жоюлуп кетти деп турасыңбы? Ырас, өйдөкү россиялык адам өзүнүн каты менен Кочкорбаевдин жашоо образына, ой жүгүртүү стилине карата өзүнүн жек көрүүсүн билдирген. Бирок Кочкорбаевди жек көрүү аздык кылат. Кочкорбаевчиликти ок менен атып жок кыла албайсың, ураан менен, токтом, указ менен кишилердин аң-сезиминен алып сала албайсың. Официалдуу жыйналыш менен, чечим менен кыйкырып сүйлөп, танып, чанып койгон менен жоюп сала албайсын. Кочкорбаев деген-– бул догма, түшүнүктүн деңгээли, ишеним. Кочкорбаев деген - бул тарбия, психология.

 

Ажыдаардын башы кыя чабылганы менен ажыдаар орноткон тартиптер, ал тарбиялаган адаттар кала берет экен. Белден бетеге кеткен менен бетегенин уругу кетпейт экен, бетеге кайра өнүп чыгат экен. Бектер кеткен менен алардын эл ичине киргизген эреже-жоболору, калк мээсине сиңирген каада-ырасмылары калбайт экен.

 

Парторг Кочкорбаевдин социализмдин негиздери, “принциптери” жөнүңдөгү ишенимдери официалдуу окууну, казыналык идеологияны мугалим эмнени айтып берип атса, ошону түптүз көчүрүп жазып жаткан окуучу бала сыяктуу механикалык түрдө кабылдап, жетекчиликке алуу жолу менен түзүлгөн. Жанагы чабан Бостон козгоп жаткан “шиши толгон” турмуштук, социалдык зарыл маселеге Кочкорбаев башындагы догмага айланган даяр идеялык-саясий жоболордун турнабайы менен карап, дароо “жыйынтык” чыгарып жатпайбы. Чабан Бостондон турмуштун жандуу стихиясынын, диалектикасынын илеби уруп турат. Ал эми парторг Кочкорбаев карандай схоластика жыттанат. Чыңгыз Айтматов ага “киши-газета” деп абдан туура ат койгон экен.

 

Социалисттик реализмдин адабияттын партиялуулугу, таптуулугу тууралуу жоболорун да адабий тармактагы “Кочкорбаев” акыл-эстүү скептицизмдин жардамы менен териштирип-тескеп, “иче-кардын” аңтарып отурбай, “куп” деп кабыл алды. Соцреализмдин башкы жоболору эстетикалык-идеологиялык үгүт-насыят, директивалык көрсөтмөлөр, токтомдор, мектептеги, ЖОЖдордогу түз сызыктуу адабият сабактары, саясатташкан лекциялар аркылуу жаш кезинен Кочкорбаевдин акыл-эсине кыт куйгандай орноп, жадыбалдай жатталып калбайт бекен. Кочкорбаев көркөм чыгармага, жандуу адабий процесске дал ошол өзүнүн өзөгүнө уюган “өкмөттүк эрежелердин” көз айнеги аркылуу карап келди. Адабияттагы, көркөм сөздү кабылдоодогу кочкорбаевдик логикага мисал тартып көрөлү. Ч.Айтматовдун “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасында Сабыр аттуу акындын мындай ыры бар.

 

Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жоо кууса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ажалга көз жумса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Душманды кырып-жоюп басканда да,

Түбөлүк чечилбеген ушул талаш.

 

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коет,

Канткенде адам уулу адам болот?

 

Официалдуу идеологиянын, адабияттын борбор жак аныктаган жоболорунун духунда бир жактуу ойлонгон Кочкорбаев үчүн, бул ыр түшүнүксүз. Окурман Кочкорбаев минтип ойлонот. “Революция, социалисттик коом - адам маселесин апачык кылып биротоло чечпеди беле. Адам баласынын канткенде адам болорун бир тууган коммунисттик партиябыз ачык-айкын көрсөтүп берип жатпайбы. Ал эми Сабыр акындын бул эмне деп жазганы? Революцияга, партияга ишенбейби? “Адамзат качан чечет, качан коет, канткенде адам уулу адам болот?” – деп партияга ишенбей сураганы кандай? Автордун адам маселесиңде так позициясы жок. Акын эки анжы болуп күдүктөнөт. Ырдын аягы оптимизм менен аяктабайт. Сабырдын бул чыгармасы окурманды күрөшкө чакыра албайт. Тескерисинче, пессимизмди пайда кылат”. Адабий Кочкорбаевдин логикасы ушундай.

 

Ырасында эле турмуштун, дуйнөнүн миң кубулган сырларын, карама-каршылыктуу татаалдыгын аңтарып, өз бетинче чындыкты, акыйкатты издеген таланттуу акын өзүнүн жогорку өндүү проблемалуу, терең маанилүү, олуттуу ырлары үчүн, чыныгы художниктик изденүүлөрү үчүн жанагыдай адабияттын официалдуу жол-жоболорунун духунда стандарттуу ойлонгон кочкорбаевдик аң-сезим тарабынан куугунтукка алынып, коомдон, көркөм өнөр майданынан четтеп калат.

 

1970-жылдары залкар жазуучубуз Т.Сыдыкбековго адабиятчы Ж.Самаганов тарабынан тагылган күнөө кудум эле акын Сабырга сынчы кочкорбаевдердин койгон айыптоосундай. Ж.Самаганов Т.Сыдыкбековдун “Адамга кайрылуу” аттуу “идеологиялык жактан шектүү” китебине сокку уруп, соцреализмдин “стандартына туура келбеген” бир ырына темөнкүдөй деп талдоо берет.

 

“Советтик акын турмушка, адамга кайрылганда, албетте, советтик элдин турмушуна, советтик адамдардын баатырдык ишине, анын салт-санаа, кулк-мүнөзүнө, коммунизм куруу жолундагы эбегейсиз зор күрөшүнө, кыйынчылыктарына кайрылары белгилүү. Тилекке каршы Түгөлбай Сыдыкбековдун китебин окуп бүткөндөн кийин жогоркуларды көрүү өтө кыйын. Анын жыйнагында адамдар конкреттүү коомдун, мезгилдин жана социалдык топтун адамдары эмес эле, кандайдыр бир жалпы “адамзат”. Ар кандай калпыстыктан тышкары болуш үчүн, акындын “Эскирбе” деген ырын келтирели:

 

Күлүк таптым күмүш көкүл, жалы тик

Күндө таптап күрүч төктүм семиртип.

Күндүк сыйга ынабайт э, адамзат –

Күндү көздөй чу деп калдым элиртип...

 

Эй, курдаш ой, амал канча ченемге,

Эстен тайып алкынабыз демейде.

Басмайылым “тырс” үзүлүп, топ түшүп,

Ээрге минип, жерде калдым бир демде.

 

Келтирилген ырдан көрүнүп тургандай, акындын ырдап жатканы жалпы эле “адамзат”. Кайсы материкте, кайсы өлкөдө жашаса да, лирикалык каарман өз күчүн аша баалайт, а чынында алсыз, кудуретсиз байкуш, Айтор, ал ким болсо да акын аны келекелейт, табалайт, анын ыксыз “күндү көздөй элиришин” шылдыңдайт. Анткени акын адамдын келечегине, бардыгын жеңчү күчүнө ишенбей карайт”. (Ж.Самаганов. Ачык сөз. “Кыргызстан маданияты”. 12-апрель. 1973-жыл).

 

Т.Сыдыкбековдун терең маанини камтыган ыры догматикалык сын тарабынан мына ушундай бааланып, сөз устаты ак жеринен күнөөкөргө айланган. Кыскасын айтканда, кочкорбаевчилик, жогортон түшүрүлгөн эрежелер менен жоболорду түз сызыктуу кабылдоо, догматикалык туюнуу, официалдуу мамлекеттик көз караштын элпек функциясы болуу, бир сөз менен айтканда, авторитардык ээрчиме аң-сезим жана нормативдик сокур ойлоо турмушубуздун бардык сфераларында өзүнүн чоң зыяндарын тийгизди.

 

Советтик доордо биздин СССР мамлекетин Батыш “жабык коом” деп атаган. Ошол жабык коомдун ичинде шарт, абал кандай болгондугуна көңүл буралы. Чынында эле СССРдин тыш жагындагы дүйнө биз үчүн жабык болчу. Совет эли жер шарынын башка дүйнөлөрүнөн зордук менен ажыратылган эле. СССРдин айланасына “темир көшөгө” түшүрүлгөн. Биздин өлкөнүн ичине коммунисттик идеологиянын багытындагы жана ага залака кылбай турган маалыматтар гана, чет жактагы капитализмдин ирип-чирип, кыйрап бараткандыгы жөнүндөгү кабарлар гана кирүүгө тийиш болгон. Өзүбүздүн баштан өткөрүп жаткан турмушту, карманган багытыбызды, окуубузду башка дүйнөлөр, башка окуулар менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган элек. Ал эми СССР өлкөсүнүн ичиндеги “коммунисттик” турмуш алдын жетишинче идеалдаштырылып, мамлекеттин пропагандалык машинасы, бүтүндөй окутуу-тарбиялоо системасы КПССтин ишмердигин, социалисттик коомдун баскан жолун, социализмди куруунун практикасын ар тараптан актап, жактап, кызылдай мактай берди. Марксизм-ленинизм окуусу дүйнөдөгү эң туура илим, совет эли дүйнөдөгү эң бактылуу эл, биздин коом жер үстүндөгү эң демократиялуу өлкө, биздин закондор эң адилет, гумандуу закондор, КПСС - биздин доордун акыл-эси, ар-намысы жана сыймыгы делинип даңазаланды, үйрөтүлдү, түшүндүрүлдү. Пропагандист – акындарыбыз социализм заманы жөнүндө: “Балбылдаган шам чырак, күйүп турган замана, баласындай алдейлеп, сүйүп турган замана” деп ырдап турушту. Ал эми ошол замананы башкарган КПСС тууралуу калемгерлерибиз:

 

“Жылдызымсың – шамымсың,

Жүрөгүмсүң – жанымсың.

Атып турган – таңымсың,

Агып турган – канымсың”, – деп булбулча сайрашты.

 

 

 

(Уландысы кийинки санда)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

окумуштуу-публицист.

Булак: “Майдан. kg” гезити