Ички иштер министрлигинин жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү Ош ОИИБдин тез чара көрүүчү атайын даярдыктагы отрядынын колдоосу аркасында ишкерлерден пара алып жаткан жеринен Баткен облусунун бир катар аткаминерлерин кармады. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бажы менен чек ара кызматынын өкүлдөрү, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери Өзбекстандан чыккан жүк ташуучу автоунааларды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн ишкерлерден акча алып турушкан. ИИМдин криминалдык кызматы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза Кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу жана пара алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Буга ылайык төмөнкү кишилер кармалды: 1200 доллар алып жаткан жеринен Баткен облустук бажысынын ага инспектору Ж.Э.; 2000 сом алып жаткан жеринен "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү пунктунун инспектору Д.М.; 1000 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башкы адиси Т.А.
Мындан тышкары тинтүү маалында Мамлекеттик бажы кызматынын иш бөлмөлөрүнөн 4 миң доллар, 4 000 сом, Ветеринардык инспекциянын ага инспекторунун бөлмөсүнөн 11 миң сом, Мамлекеттик чек ара кызматына тиешелүү иш бөлмөдөн 28 миң сом табылды. Мунун баары тең кылмыш ишинин материалдарына тиркелди. Ал эми шектүү сыңары кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити