Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы учурда массалык маалымат каражаттарын колго алууга аракет жасап баштаганы тууралуу маалыматтар пайда болууда. Ал улуу-кичүүсүнө, салмагына карабай эле эшик чертип баргандын баарын кабыл алып, көбүн каржылык жактан колдоп жаткан имиш. Алардын арасында “Азия Ньюс” гезитинин редактору Арслан Сартпаев да бар экен. Убагында Сартпаев так ошол Атамбаевдин бийлигин, жанында жүргөн жан-жөкөрлөрүн жамандап, гезитине болушунча шыбап жазып жүргөнү көпчүлүккө маалым. Эми болсо, теңирден тескери бурулуп, учурдагы бийликтин кемчилигин чукуп, калп-чынды койгулаштырып мурдагы бийликтен алган акчасын актоо аракетин көрүүдө. Аны бул эргулдун гезитин барактаган ар бир адам дароо түшүнөт.

 

Арслан Сартпаевди экс-спикер Ахматбек Келдибеков кадыр-баркына, ар-намысына шек келтиргени үчүн жакында сотко берген.  Сот арызды карап чыгып, жазмакерди эки миллион сом компенсация төлөтүү чечимин чыгарды. А Сартпаев айыбын сезип, аша чапканын моюнуна алып калуунун ордуна кайра атырылып, ак жерден азап тарткан адамдай көрүнүүнүн аракетин жүргүзүп жатат. Гезитине: “Албетте, биз деле өзүбүздү периште сезбейбиз, кайсы бир деңгээлде жаза тайгандырбыз, бирок, соттордун шашылыш түрдө Келдибековдун кызыкчылыгын 100 пайыз аткарып салганы өөн учурап калды. Буюртма экени жалганбы?   Бул жерде кеп башкада, биздин соттор гезиттин абалына, каржылык жагына саресеп салбай эле миллиоңдорду моюнга иле беришсе аягы кандай бүтөт? Дал ушул жерде толук кандуу акыйкатсыздык орун алды!” – деп жазып чыкты.

 

Өзүн периште сезбегени жакшы, бирок мен периште эмесмин деп калпты чынга айлантып, кайсы бир адамдын абройуна шек келтире берүү да болбойт.  Ахматбек Келдибековду жамандоонун бутасына айлантып алганына көп болду, гезитине ой-да шыбаганы аз келгенсип, тойго чогуу бара коюп, анан ал жакта уккан сөздөрүн үйүнө келе калып, соцтармактарга жарыялай койгонун өзү туура деп эсептейби? Экс-спикердин да сабыры күчтүү экен, канчасына чыдап келип, акырында сот аркылуу гана токтото алаарына көзү жеткендей. Сартпаев болсо кылыгын билбей эле акыйкатсыздык деп айкырып жатат.