Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Баткен облустук башкармалыгынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Баткенде мыйзамсыз ташылып бараткан тооктун этин кармашты.
Кыргыз-Тажик чекарасын кыйгап өткөн шектүү жүк жүктөгөн машинаны дыкаат текшерешкенде, анын ичинен 20 тонна Бразилияда жана Тажикстанда өндүрүлгөн тооктордун эти табылды. Мунун жалпы баасы азырынча 4 миллион 800 миң сом деп айтылууда.
Ушул тапта фактынын негизинде териштирүү жараяны башталды.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити