2018-жылдын 6-октябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) ички иштер министрлеринин кеңешме жыйналышы өттү. Эл аралык деңгээлде мындай форматтагы иш-чараларды өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Астана шаарында болуп өткөн Орто Азия мамлекет башчыларынын биринчи кеңешме жыйынында айтылгандай Орто Азия өлкөлөрүндөгү достукту жана бейпилдикти күчөтүү үчүн аймактык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган. 

 

Аталган жыйынга Тажикстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро, Казакстандын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Калмуханбет Касымов жана Өзбекстандын ички иштер  министри, генерал-майор Пулат Бобожанов башында турган делегациялар тобу катышты.

Андан сырткары, аталган жыйынга КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев да катышып, “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташып жатканыңар үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши баңгизаттарды, курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана уюшкан кылмыштуулук, эл аралык терроризм менен күрөшүүгө, чек арага чектеш райондордогу коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат. Бир гана бирдиктүү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында биз кылмыштын бул түрлөрү менен менен күрөшө алабыз. Биздин мамлекеттердин кызматташуусу жаңы деңгээлге өтүп жатат. Ошондой эле учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан  жана жеке өзүмдүн атымдан Кылмыш иликтөөнүн 100 жылдык маарекесине карата ИИМдин ыкчам кызматкерлерин  куттуктаймын. Бүгүнкү күнү өткөрүлүп жаткан иш-чара учурдун талабы жана биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгын, достугун бекемдеп турат”- деп билдирди.

 

Ошондой эле кеңешмеге аталган мамлекеттердин чек-араларына чектешкен облустарынын: Чүй ОИИББнин, Ысык- Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен ОИИБнин (Кыргызстан), Алмата жана Жамбыл ички иштер департаментинин жетекчилери (Казакстан), ИИМдин Согдий облусунун башкармалыгынын (Таджикистан), Андижан, Наманган, Фергана ички иштер башкармалыктарынын (Өзбекстан) башчылары катышышты.

 

Аталган иш-чарада КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, “Баарынан мурда Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Таджикистан Республикасынын,  Өзбекстан Республикасынын ички иштер министрликтеринин бирдиктүү Кеңешмесин өткөрүү демилгесин  колдогонуңар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мындай форматтагы жолугушуулар биздин министрликтердин аймактардагы кызматташтыгынын бекемдөөсүнө умтулуп жаткандыгын далилдейт”,- деп мындай иш-чаралар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын артта калтырбай, биздей эле муктаж болгон коңшу өлкөлөрдүн дагы тынчсыздандыруусун жараткан чек арага чектеш  аймактарындагы кылмыштуулук чөйрөсү менен күрөшүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берээрин баса белгиледи.

 

“Мындай  көп тармактуу кеңешме Борбор Азиянын ички иштер министрликтеринин эл аралык терроризм жана экстремизм, баңги кылмыштуулугу, уюшкан кылмыштуулук, ошондой эле санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүдө шарт түзүп берет деген ишеничтемин. Бул кеңешмени өткөрүү салтка айланып, бизди профессионалдык-кызматтык жактан жакындатып, бири-бирибизди жакындан түшүнүүгө, мамилени бекемдөөгө жардам берген кеңешме болот деген үмүттөмүн”- деп билдирди министр Кашкар Джунушалиев.

 

Ички иштер министри өз сөзүндө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөндөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн республиканын чек арасына чектеш аймактарынын ички иштер органдарынын тыгыз мамилесин бекемдөөгө багытталган бирдиктүү иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштап, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын укук коргоо органдарынын тыгыз иштөөсү жана макулдашылган ыкмаларынын натыйжасында гана аймактардагы эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү, автоунаа каражаттарын, ок атуучу куралдарды, мал уурдоого бөгөт коюу мүмкүн экендигин кошумчалады.

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бүгүнкү күндө электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтуу күч алып жаткандыгына байланыштуу ага каршы туруу үчүн бирдиктүү иштерди жүргүзүү керектигин баса белгилеп, “Кылмыштын бул түрү жалпы жана эл аралык мүнөздү камтып жаткандыгына байланыштуу биздин тиешелүү кызматтардын өз ишмердүүлүктөрүндө тажрыйба бөлүшүү үчүн бирдиктүү иштерди жүргүзүү керек. Компьютердик технологиялардын жана бүткүл дүйнөлүк интернет байланыштарынын  өнүгүүсүнө байланыштуу  “Кибер-экстремизм” менен “Кибер-терроризм” күч алып, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Алардын максаттарына саясий жана экономикалык туруксуздук, саботаж, мамлекеттик, аскердик же жарандык активдер менен булактарды уурдоо кирет. Ошондой эле көбүнчө интернет тармагында терс көз караштарга үгүттөө, кайрымдуулук көрсөтүү үчүн акча каражаттарын которуу керектиги боюнча ойдон чыгарылган жалган маалыматтар, андан сырткары,  диний агымдарга кирүүгө үгүттөө, теракттарды уюштуруу, психологиялык коркутуулар,  шантаж кылуу үчүн маалыматтарды топтоо сыяктуу кибер-экстремизмдин  көрүнүштөрү байкалууда. Ошондуктан маалыматтык коом баарынан мурда аталган коркутуулардан коргоого муктаж  болууда. Аталган чөйрөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө аймактарда бирдиктүү маалыматтык база түзүп, биздин түзүмдөр тарабынан кибер-экстремизм, кибер-терроризм кылмыштарын аныктаган, иликтеген, бетин ачкан  адистерди жана эксперттердин иштерин жакшыртуу керек”- деген пикирин айтып. 

 

Борбор Азиядагы мамлекеттердин чек арасына жакын жайгашкан аймактардагы коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдары мамилелерин бекемдеп, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташуусун жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМи тиешелүү чараларды сунуштады. 

Бирдиктүү кеңешменин жыйынтыгында Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштер министрликтеринин (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) биргелешип иштешүүсү боюнча Протоколуна кол коюлду.  

 

Андан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин  отурумунун алкагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүү, чек арага чектеш аймактардагы коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодогу иштешүү боюнча бирдиктүү планга кол коюшту.

 

Ички иштер министрликтеринин катышуусунда өткөн жыйын достук, иштиктүү жана жагымдуу чөйрөдө өттү.

 

 

ИИМдин Басма сөз кызматы, Булак: “Майдан. kg” гезити