Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев автоунаа жолуна таштанды ыргыткан айдоочулар менен жүргүнчүлөргө айып пул төлөтүү зарылдыгын белгиледи.
"Машинадан ар кандай калдыктарды: тамеки, бөтөлкөлөрдү ыргытып кете беришет. Аны токтотуу үчүн айып төлөтүү жолун киргизишибиз керек. Болгондо да ири суммадагы айып пулду. Ошондо тазалык, тартип орнойт", - деди депутат.