"Алдыбызда маалыматтык коомго өтүү милдети тургандыктан, биз санариптик технологияларды кеңири жана бардык тармактарда колдонууну билим берүүнүн негизи кылып алышыбыз зарыл деп эсептейм", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында.
"Мектепте билим берүүнүн артыкчылыгын сактоо менен биз балдарды эрте жашында өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл бурушубуз абзел.
Биз, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларынын жана электрондук окутуунун эсебинен, азыркыдан да ачыгыраак жогорку билим берүү системасын түзүшүбүз керек.
Биз билим берүү менен илимдин ортосунда тыгызыраак интеграцияга жетишүүбүз зарыл.
Билим берүү менен катар мектептин тарбиялык функциясы сакталып эле калбастан, азыркыдан да чоңураак мааниге ээ болот.
Бул иште ата-энелер коомчулугу менен мектеп өнөктөш болушу керек. Акыркы жылдары биз муну унута баштадык.
Коомубуздун келечеги үчүн жоопкерчиликтүү жаш муунду тарбиялоо, алардын өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган көз карашын калыптандыруу — маанилүү милдет.
Бул азыркы кезде турмушубуздун бардык чөйрөлөрүнө улам терең кирип келаткан коммуникациялар аркылуу биздин коомдорго жат баалуулуктар таңууланып жаткан учурда өзгөчө актуалдуу мааниге ээ", - деди президент.