Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкул Базаркуловна ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду.

 

Эске салсак, Таалайгүл Исакунованын  дипломатиялык паспорт менен үй-бүлөсүн чет өлкөгө алып барып жүргөнү билинип, бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.