Депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин жыйынында "Коопсуз шаар" маселесин көтөрдү.
"Коопсуз шаар" долбоору эки жолу үзгүлтүккө учурады. Бир долбоорду эптей албаган өкмөт бизге керекпи? Натыйжасыз иштеп жатканынын далили ушул! Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, анын ичинде коңшу Казакстанда да эчак эле бул долбоор ишке ашырылган. А биз жада калса сынакты да эптеп өткөрө албайбыз", - деди депутат.
Ал өкмөт башчы менен тийиштүү мекемелердин жетекчилерин парламент жыйынына чакырып, бул жаатта маалымат алууну сунуштады.