Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Бакиров М., Алтынбеков А., Узакбаев А., Жунус уулу А.
Демилгечи депутаттардын бири Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети «Ветеринария жөнүндө» мыйзамды, Бажы бирлигинин Техникалык регламенттеринин ченемдерин ишке ашыруу жана адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу болуп саналат.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен финансыланган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар жаныбарлардан алынган азыктарды (сүт азыктарын, эт азыктарын, аква өсүмдүктөрүнүн азыктарын, айыл чарба канаттууларынын жумурткаларын) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүшөт. Мында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге берилүүчү жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө маселе келип чыгат. Белгилүү болгондой, жаныбарлардан алынган азыктар аркылуу адам адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирген бруцеллез, сибирь жарасы сыяктуу коркунучтуу ооруларды жугузуп алышы мүмкүн.
Буга байланыштуу аракеттеги мыйзамдын 27-беренеси жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу боюнча ишти жана Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк объекттерди каттоонун болушу” деген ченем менен толукталууда.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.