Уралдын бажычылары Кыргызстандан Россияга мыйзамсыз түрдө алынып бараткан 1,5 тонна тамекини кармашты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Екатеринбургдагы "Кольцово" абамайданындагы терминалда жүктү текшерүү учурунда таңгактарда россиялык акциздик маркалар жок экени байкалган. Текшерүү материалдары жана кармалган тамекилер Свердлов облусундагы тийиштүү кызматка өткөрүлүп берилген.