×

Ошибка

Resource not found (13:38 min ago).

 

 

Кошуна мамлекеттер Өзбекстан менен Тажикстанда аш, той, маркумду акыркы сапарга узатуу сыяктуу мааракелерде ашкере чыгымга жол бербөө үчүн атайын чектөө киргизилип, ал тургай канча адам чакыруунун да тизмеси түзүлгөн.  Казакстанда да парламент депутаттары ушундай демилге көтөрүүдө. Бирок бизде бул маселе кээ бир адамдар тарабынан гана айтылып жүргөнү болбосо, жогорку деңгээлде көтөрүлө элек болчу. Ушул жумада ЖК депутаты Акылбек Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары жүздөгөн майда майрамдарды өткөрүү үчүн бюджеттен жыл сайын 3 миллион доллар бөлүнөрүн билдирип, мамлекеттик салтанаттарды өткөрүүгө кеминде бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири. Үчүнчү оюндардын өткөнүнө бир ай болду, мамлекеттик казынадан дээрлик төрт жарым миллион доллар коротулду. Кыргызстандын эки миллиарддык бюджети үчүн бул ири сумма экени белгилүү.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары 2018-жылы дагы бир масштабдуу долбоор өтүүдө: ал улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Эгер масштабы жагынан кичирээк мамлекеттик салтанаттарга келсек, 2018-жылы 100дөн ашуун республикалык деңгээлдеги майрам, фестиваль, мааракелерге бюджеттен акча бөлүнүптүр. "Бир жылда 105 жолу той! Эгер бир жылга бөлсөк, үч күндө бирден Кыргызстанда той өтүүдө”,- деди Акылбек Жаманкулов. Анын айтымында, тойлордун 90% эл билбеген инсандардын урматына арналууда. “Андан көрө бул акчага бала бакчаларды, мектептерди ремонттоп же таза суу менен камсыздашсын. Азыр той өткөрө турган маал эмес, беш жылдан кийин насыяларды кантип төлөйбүз, ошону ойлонушубуз керек”,- деди депутат А.Жамангулов жаман каңырыгы түтөп. Өз кезегинде өкмөт келерки жылы аш-тойлордун санын 80% кыскартууга убада берүүдө. Бирок бийликтегилер өздөрү үлгү кылып, мамлекеттиктен тышкары уул үйлөө, кыз чыгаруу, юбилей өткөрүү сыяктуу жеке тойлорду да чектесе, карапайым калк деле алардан үлгү алышат беле?...

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити