З.Каденованын Түштүк Кореядагы карвалол “ичип алып” мас болуп калган окуясынан кийин Социалдык өнүгүү министрлигиндеги былык иштер биринин артынан экинчиси Чубактын кунундай чубалып чыгууда. Мурда ЖК депутаты А.Касымалиева ушул министрликтин орун басар министри, классташы жана парталашы Лунара айым Мамытованын Австралия, АКШга чейин саякаттап келгендигин жар салды эле, ага Лунара сулуу: “Өзүмдүн акчама барганмын, пенсионерлер да пенсиянын топтоп, чет өлкөгө чыгып келсе болот”,- деп өмүрү чет мамлекет түшүнө да кирбеген кары-картаңдарды шылдыңдагандай пост жазган. Ушул жумада Башкы прокуратура Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганын билдирди. Маалыматка ылайык, Исакунова былтыр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсүндө болуп, алгач АКШга, андан соң Аргентинага барган. Мындан сырткары, өкмөттүн каршылыгына карабай Таалайкүл Исакунова былтыр Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келиптир. Ошондой эле Башкы көзөмөл органы З.Каденова Ирандагы жана Түштүк Кореядагы сапарында дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун кабарлады. Башкы прокуратура ошондой эле 2017-жылдан быйылкы жылдын сентябрына чейин Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышкандыгын маалымдады. Алардын ичинен министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыгышыптыр. Бирок чет элдик сапарга чыкканда аталган жетекчилер эрежеге ылайык ТИМге маалымат беришпей, Т.Исакунова жана Л.Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес. Өлкөбүздө миңдеген майыптар менен мунжулар чет өлкөнү кой, ордунан жыла албай жатышса, бул саякатчы министр айымдар аларга мамлекеттен бөлүнгөн акчаларга дүйнө кыдырып жүрүшү мыйзам эмес, абийирге да сыйбаган жорук го. Эми өкмөт аларга кандай чара көрөр экен?

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити