Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун абактагы мөөнөтүнүн узартылышы боюнча адвокаттын райондук соттун чечиминин үстүнөн жазган арызын карады. Процесс учурунда адвокат Сергей Слесарев соттук коллегияга бир нече ирет ишеним көрсөтпөө жарыялады. Бирок, сот анын баарын четке какты.
Экс-мэр процесске катышуудан баш тартып, абакка жеткирүүнү өтүндү эле, сот аны да четке какты. Мамлекеттик айыптоочу райондук соттун чечиминин күчүндө калышын, ал эми адвокат аны өзгөртүп экс-мэрди абактан чыгарууну суранды. Шаардык сот болсо Кулматовду 28-октябрга чейин абакта калтырууну туура деп тапты.