8 - сентябрда аяктаган 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун чыгашасы дагы да бүтө элек. Кырчын жайлоосундагы этнобазарды жасалгалоого 8,5 миллион сом жетпей калганы Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтан улам белгилүү болду. 

 

Этнобазарды даярдоодо декорация жасатуу жана театралдаштырылган оюн-зоокту тартуулоого 8,5 миллион сом бөлүнүп, тендерди "Көркөм фонд" ЖЧКсы утуп алган. 

 

Улуттук маданий борбордун маалыматына караганда, аталган фондго этнобазарды жасалгалоодогу ашыкча чыгым үчүн дагы 600 миң сом төлөш керек.