Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун 18 жаштагы тургуну өз атасын мыкаачылык менен өлтүргөн. Ал 50 жаштагы атасына 3 жолу бычак сайып, туугандарына арактан ууланып каза болду деп айткан да, өзү сөөктү айылдын көрүстөнүнө жашырып койгон.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, шектүү кылмышын моюнуна алды. Ал атасынын ичимдикке жакын болгонун, ошол күнү да ичип келип, чыр чыгарганын айткан. Уулу менен атасы тиреше кетишип, аягында бычак саюу орун алган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.