Дүйнөдө акын деген өзгөчө талант тартууланган инсандар тарыхтын бардык мезгилинде аруу тилек, изги үмүт менен жашап , акыйкаттык үчүн күрөшүп, турмуш көйгөйүн, жашоонун оң-терсин поэзиянын курч тили, моюбас күчү менен тразалап келишкен. Мындай  кубулуш айрыкча көчмөн цивилизациясына мүнөздүү келип, оозеки көркөм сөз өнөрүнүн көөнөрбөс салты, элдик мурасы катары жашап, кылым карытып келе жатат.

 

Мезгил өткөн сайын ырчылык, айтуучулук өнөр эволюциялык өнүгүштү башынан өткөрүп, бүгүнкү күндө поэзия жаңы баскычтагы түр түспөлгө ээ болуп, өзүнүн классикалык бийиктигине жетип, искусствонун бул түрүнүн эстетикалык принциптери эчак эле ар тараптуу өздөштүрүлгөн десек болот. Ар бир акындын ушул түйшүктүү, ары  жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда жан дүйнөгө ырахат, рухий азык тартуулаган аруу иштин өнүгүшүнө кошкон салымы бар. Ошолордун бири бүгүн биз сөз кыла турган акыныбыз  - Кыргыз Эл акыны, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөгөн Мамеев.

 

Буга чейин деле Т.Мамеевдин чыгармаларынын нарк-насилин, акындын өнөрүнүн кара кылды как жарган өжөрлүгүн, жакшылыктын, аруулуктун ажарын ачкан тазалыгын баалаган далай жылуу пикирлер (С.Жусуев, К.Ташбаев, М.Абакиров, К.Бакиров, С.Шатманов, К.Абакиров, Г.Орозова ж.б.) айтылган. Т.Мамеевдин адабий портрети  “Кыргыз адабиятынын тарыхына” кирген. Мындан сырткары Кыргызстан улуттук энциклопедиясына, кыргыз адабияты боюнча жазылган энциклопедияларга  жана  окуу куралдарына акын тууралуу малыматтар камтылган. Дагы далай жазылып, айтылат. Анткени акындын чыгармачылык өнөрканасы али толук жана илимий негизде изилдене элек. Бул макалада акындын “Ай тийген тоонун ырлары”  (Б.2018.) деген жаңы ырлар жыйнагы туурасында кыскача пикир айтууну эп көрдүк. Жыйнакка ата-журт, табият, ыйман, адеп-ахлак, арзуу, турмуштагы түрдүү-түмөн кайрыктар сыяктуу ырлары камтылган.

 

Т.Мамеев дасыккан  тажрыйбалуу акын катары сөздүн, мазмундун үстүндө иштеп, кайсы темага кайрылбасын ойдогу идеясын ишке ашырып жазат. Ал негизинен поэзиядагы образ, сюжет, мазмунга б.а. ырдын ички мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп,  жалпы адамзаттык, түбөлүктүү темаларга арналган жаңы мазмундагы, учурдун көйгөйүн чагылдырган чыгармаларды жаратат.

 

Акындын жан дүйнөсүн дайыма дүрбөлөңгө салып кабатыр кылган жагдай – жашоодогу ыйман, адеп- ахлактын өз уңгусунан ажырап, нугунан, көөнө салтынан тайып, кайдыгерликке, мерездикке орун бошоткону.

 

Турса дагы көзүңдөн куюлуп жаш,

Заман келди сөзүңдү уулуң укпас.

Чачы эмнеге атанын агарганын,

Чалакайым балдары туюнушпас.

          

Энелердин көзүнөн сыгылып жаш,

Күндөр келди сөзүңдү кызың укпас,

Каралдым деп бакканын унутушуп,

Кайгы тарткант кезиңе кызыгышпас,

                           

 Каптап келет калк ичин кара туман,

Уул чыкпай акылман арасынан.

Кайгы көрөм ар дайым арылбаган,

Карылардын көзүнүн чарасынан.

 

Бул кашкайган ачуу чындык. Жекеликтен жалпыга өтүп, улуттук трагедияга айланып бараткан олуттуу маселе, Ыймансыздык, ташбоордук акырындап акыл-эске орноп, көнүмүшкө айланып баратканына акындын жүрөгү сыздайт.

 

Т.Мамеев өзүнүн чыгармаларында турмуштун түрдүү кырдаалдарын көркөм образда чагылдырып, ааламдын чексиздигин, ата-журттун ыйыктыгын, акчага сатылган ыйманды, жүлүн сыздаткан кайдыгерликти, аруу сезимди, достуктун, адамгерчиликтин бийиктигин, өлүмдүн күчтүүлүгүн, өзөктү өрттөгөн карылыкты, өмүрдүн таттуулугун, жаратылыштын сулуулугун жандуу сүрөттөп жазат.  Алардын ичинен акындын сүйгөн темаларынын бири – ата-журт ажары. Жаратылыш канчалык сырдуу, миң кырдуу кубулушка ээ болсо, акын да ошончолук  ойдун катмарларына сүңгүп, образдуулук менен сүрөттүүлүккө, көркөмдүк менен ойго сыйымдуулукка умтулат. “Жайлоодогу жалгыз түн” деген ырында жайдын толук кезиндеги түн, ачык асман, тоолорго тийип турган жымыңдаган жылдыздар, алардын саргыч, кызгылт, көгүш өңдөрү, жуушаган койлор, анда-санда бышкырып коюп турган жылкылар,

Ак кууга окшойт капталдагы чатырлар,

Көлдө уктаган канаттары кардан ак.

Ийрейип Ай туу чокунун башында ал,

Каалгып барат. Көргүм келет кармалап

- деп,  жайлоодогу түндүн ажайып образы тартылган. Бир эле ырды аккуу, жылдыз, ай, боз үй, чатыр, күлүк, кар, от, жалын  сыяктуу символдор коштоп, табиятты ого бетер жандандырып, образдуулук берген. Акын Түндүн кооздугун өзү эле көрүп тим болбой башкалардын да бул сулуулуктан ырахат алуусун сунуштайт:

Оо пенде, түндүн кара сулуулугун,

Сез аны, жыргал эмес уктаганың.

Көрүп кал жылдыз толгон убактагы,

Көркөмүн көз талыткан тыштагы анын (“Дүйнөгө суктануу”).

      

Т.Мамеев көп кайрылган теманын дагы бири - Ай. Айдын образы ар бир ырда ар башка кырдаалдан көрүнөт. Бирде салыштыруу  үчүн “Сулуу көрдүм суйкайган, Айдын окшош жарымы”(“Көрөм дагы канчаны”) десе, “Жаңырган Айды иймейген, Унутпас көпкө бир көргөн”(Өттү экен”),

Чайынып жазда жылдыз булагына, 

Тагылып сырга болуп кулагына

Ай турат .Ачык түндө суктанамын,

Ажайып тоолордун бул убагына (”Толуктар таза, тоо таза”)  -  деп,

түндүн эң негизги, өзгөчө символу болгон Айдын образын ачып берет.Акындын баамында Ай менен Түн ажырагыс, бири-бирин толуктаган кош символ. Ошондуктан жылдын кайсы мезгили болбосун түнкү пейзаж өзгөчө сулуу. Кайсы гана теманы жазбасын салыштыруунун предмет, образ жана белги деген үч компонентин  колдонгону байкалат. Мисалы, ал туулган жерге кайрылып:

Мактаймын сени таншыган танкы булбулдай

Калганча тилим капилет басып сайрабай.

Торгойдой болуп үстүңө күүнү төгөмүн,

Өзүңсүң жалгыз өбөгүм, таяп жөлөрүм  (“Атыңды сатпайт акының”).

 

Же болбосо:

Кош канаты булуттарды тепчиген,

Бүркүт сымал зоодон зоого өтчү мен.

Тууруна мезгил байлап таштаган,

Туйгун болдум көктү карап өксүгөн.

Ай талаада карлыгачтай уча алган,                      

Алоолонуп көзүнөн от тутанган.

Тулпар элем жер тандабай жүгүргөн,

Мезгил мени атка айлантты тушалган  (“Сексен бирдеги карыянын ыры”).

           

Жазган ырларында салыштырууун семантикалык маанисине көңүл бурулуп, заттын образын, аны таанытып турган белгилерин так көрсөтөт. Ошол эле учурда эмоцияналдык  акцент да даана байкалат. Маселен, “Булак” деген ырын окуп көрөлү:

 

Кыш бою ак шейшепте уктайт булак,

Токтобой саат, мүнөттөр утуру агып.

Шейшебин жаз келгенде тээп салып,

Ойгонот анан булак чукуранып.

                                   

Ошентип булак  көзүн ачат дагы,

Мөлтүлдөп кулап, төмөн шашат дагы.

Баладай кыткылыктап байчечекей,

Узатат жаңы ачылган кашаттагы.

                       

Ал булак кулап тоонун арасынан,

Күн-түнү кыткылыктап бала сымал,

Дайрага кошулгуча ылайланган

Өткөрөт өмүрүнүн тазасын ал.

 

Мында булактын бала кыял тентек мүнөзү, кыткылыктаган таза, баео кыялы табияттын эрке баласындай туюлат да, ой менен сүрөт жуурулушуп, жанданып, кыймылда турган образ жаралып калган. Эми ушул оң маанайга  карама-каршы б.а. кейиштүү эмоцияны берген “Талкалап кетти” деген ырда:

Үч күндөн бери ачылбай,

Бүркөлүп күндүн кабагы.

Айланып жамгыр мөндүргө,

Аябай жерди сабады.          

Сабады мөндүр өрүктү,                  

Жаңыдан гүлү ачылган.

Жанымды турду кейитип,

Жаш гүлдөр жерге чачылган,-  деп, жартылыштын экинчи бир кубулушун көз алдыңа тартат. Табигаттын ушул эле көрүнүшүн адамдын жашоосуна паралелль коюп,

Турмуш да кээде адамды,

Мөмөсүн элге бердирбей.

Келаткан кезде жетилип,

Талкалап кетет мөндүрдөй – деген мораль менен бүтүрөт.

 

Төлөгөн Мамеевдин ырларында аттын, күлүктүн, шумкардын образын эр адамдын образы менен паралелль коюп сүрөттөгөн, кылдат подтекстик ыкмалары өтө арбын.Ошондой эле ырдын мазмундуулугун арттырып,  эстетикалык наркын  көтөрүү максатында дайыма сюжет түзүүнүн үстүндө эмгектенет. Ал кыргыз адабиятына өз жолу, өз чыйыры менен келген, бүт өмүрүн поэзияга арнаган акын.

 

Г.Ж.Орозова, филология илимдеринин доктору

Булак: “Майдан.kg”.