Кыргыз журналистикасында эки тилде бирдей жаза билген журналисттер аз эле. Алардын бири биздин бүгүнкү коногубуз - журналист, жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов. Жакында Джек Лондондун “Мартин Иден” аттуу атактуу романын которуп, окурмандарга тартуулады. Каалагандар жакынкы убактарда “Рухэш.kg” адабий сайтынан окуй алышат. Мындан тышкары, агабыздын өзгөчөлүгү - бул адамдын тагдыр таржымалы абдан кызыктуу, жылуу жумшак кабинеттерден тартып, үшүп-тоңгон күнү жылытпас Россиянын көз талдырган кыйырларында поюз минип нечен каттаган, карапайым мигрант болуп, мусаапыр жашоонун азабы менен ачуу даамын жетишинче тарткан, айтор, тагдырдан оомат талашып, кыйынчылыктарга бүгүлбөй сынбай, күжүрмөндүгүнөн жазбай күпүлдөтө иштеп келатат. Айтор, бул адам менен аңгемелешип отургандын өзү эле кызыктуу китеп окугандай. Эмесе, аңгемебизди баштай берели.
- Бахтияр байке, эмне үчүн Джек Лондондун “Мартин Идени” экинчи жолу кыргызча сүйлөдү деп жатасыз? Дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү чыгармаларынын бири болгон бул романды буга чейин кайсы кыргыз жазуучусу которду эле? Эми аны кайрадан которуп убара болгонуңузга не себеп?
- Бул романды буга чейин тээ 1970-жылы Жоробек Султаналиев деген агабыз которгон экен. Угушума караганда, бул эмгеги ошол кездеги адабиятыбыздын көрүнүктүү окуяларынын бири болгон. Мен анда тогуз жашта экем, эсептесем. “Мартин Идендин” кыргызча котормосун кечээ жакында эле кокустан таап алып, окуп чыктым. Сураштырсам, Жоробек Султаналиевдин көзү эчак өтүп кетиптир. Бирок канткенде да эрдик кылыптыр Жоробек байкем. Жаткан жери жайлуу болсун.
Джек Лондон менин эң жакшы көргөн жазуучуларымдын бири, “Мартин Иден” романын болсо, биринчи курста окуп жүргөндө окудум эле, ошондон бери окуп келатам. Кайра-кайра окугандан түк тажабайм. Дегеле китепти мен бир окуп туруп, таштап койбойм, окуй берем, улам окуган сайын чыгарма башка бир кырынан ачылып чыга берет. Ч.Айтматовдун “Кыяматын” орусчасын да, кыргызчасын да жүз жолудан окуп чыктым окшойт.
“Мартин Иден” - улуу чыгарма. Кайсы бир батыштык китеп Ассоциациясы бул романды дүйнөдөгү эң мыкты шыктандыруучу (мотивациялык) китептердин алдыңкы катарына кошуптур болчу. Бирок чынын айтсам, кыргызча котормосу менин купулума толгон жок. Анткени сөзмө сөз которулган. Мен абдан урматтаган белгилүү котормочу байкем Мырзаян Төлөмүшов аксакал айткандай, мыкты прозада күчтүү ыргак жүрөктүн сокконундай болуп жыйрылып, кайра жазылып турууга тийиш. Аны туя албаган котормочу ошол мыкты прозаны катардагы эле маалыматтык супсак текстке айландырып салат.
Ошондуктан романды кайра которуп чыгайын деп кириштим да, туура үч ай дегенде которуп бүттүм. Менин котормом укмуш чыкты дегенден алысмын, менден кийин балким мындан да мыкты которгон бирөө чыгаар. Айтор, аткарылган ишке сынчы да, тараза да боло турган бул Окурман. Мага дагы бир жакканы, кай бир даражада Мартин Иден мага (же мен ага) окшош. Мисалы, Иден матрос болуп жүрсө, будуң-чаң түшкөн 90-жылдары (орустар “лихие 90-ые” деп коюшат) Шаматов алыскы сапарга каттаган жиндикана өңдөнгөн поюздарда узатуучу (проводник) болуп жүргөн. Мартин Иден тынымсыз жазса, Шаматов күнү-түнү иштегенге эчак көнүп бүткөн.
- Токтосоңуз, поюзда жүрдүм дегениңиз кандайча? Ага чейин эмне жумуш кылгансыз? Шаарда жашап турдуңуз беле?
- Жок. Окууну аяктарым менен эле 1986-жылы туулуп өскөн жерим Лейлекке кеткем. Алыскы тоо арасындагы Тогуз-Булак деген айылдын мектебинде орус тили жана адабияты мугалими (мурдакы ФПИРЯЛ, азыркы БГУну аяктагам) болуп бир жыл иштегенден кийин эле райондук аткаруу комитетине инструкторлук кызматына чакырышкан. Баары бир эле күндө болуп кетти, кызматка чыккан биринчи эле күнү партиялык билет тапшырып, КПССтын катарына кабыл алышкан. Ошентип коммунист болдум. Аткаруу комитетинен партиянын райкомуна которушту, пропаганда жана агитация деген эң күчтүү бөлүм боло турган, мына ошол бөлүмгө өттүм. Ошондон тарта райондун ичиндеги ар кандай кызматтарга которо беришти. Партиянын кадр саясатынын күчтүүлүгү ушунда эле, улам бир оор участокко ыргытып коюп, сынап өстүрө беришчү. 93-жылга чейин партиялык-советтик иштерде иштедим, шаарга келерден мурдарак акыркы ишим алыскы, таптакыр артта калган бир айыл аймагынын башчысы (анда айыл өкмөтү деп коюшчу) эле. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ошол жерден өз арызым менен бошоп, Бишкекке келип калдым. Шаарга кетем деген оюм да жок болчу, жооптуу кызматтарга даяр кадр болуп, такшалып калган кезим эле да. Бирок баары бир ошол партиянын мектебинен өткөнүмө эч бир өкүнбөйм, анткени бул мага абдан чоң турмуштук да, кесиптик да мектеп болду. Ошол жерден алган тажрыйба, тагыраак айтканда, ишке болгон мамиле, жоопкерчилик, тартиптүүлүк бүгүнкү күнгө чейин мага абдан жардамы тийип келатат.
- Шаарга келдиңиз, анан темир жолго шар эле жумушка кирип кеттиңизби?
- Жок, кайдан. Келерин келип алып, кыйналып жүрдүм жумуш таппай. Базарга чыгып соода кылып көрдүм, менден коммерсант чыкпады. Анткени ага да шык керек экен да. Анын баарын айтып отурсам көп сөз. Айтор, бир күнү темир жолго ишке кирсем деген оюмду бажама айттым, а киши темир жолдо иштечү. Макул деди, бирок темир жолго ишке кирген ошо кезде абдан кыйын эле. Тааныштан-тааныш салып атып, араң киришет экен, анысын кайдан билем. Сураштырсам, анын адегенде окуусун бүтүп, дипломун алыш керек экен. Ошол окуу жайын издеп таап бардым. Кудай жалгап, деректири бизди орус тилинен экинчи-үчүнчү класста окуткан Далиев Юсупжан агай болуп чыкпаспы. Агайымдын жардамы тийип, эч кимге бир тыйын төлөбөй, оңой эле окууга кирип кеттим. Окуюн деп барсам, кудай бетин салбасын, бир кезде орустун жалаң безери боз балдары окучу темир жол училищесинин мартабасы университеттикинен да ашып турган чагы экен. Группадагыларды карасам, чылгый кундуз жака, норка тумакчан кычыраган кишилер, аялдар. Арасында мурдакы баш бухгалтер, врач-анестезиолог, “Алга” футбол командасынын сол канаттагы чабуулчусу, алтургай, театрын таштап баса берген балерина да бар болуп чыкты. Старостабыз политехникалык институтта кечки бөлүмгө сабак берген техникалык илимдин кандидаты экен. Үч ай окудук, анан практикага чыгып, поюзга миндик да, алгачкы алыс сапарга аттанып чыктык. Жанагы кычыраган группалаштардын көбү бир рейс жасап, Жалал-Абад поюзу менен барып келгенден кийин кетип калышты. “Бизге бул иш болбойт экен, минтип куурап акча тапкандан көрө таппай эле койдук”- дешти окшойт. Саналуу гана киши иштеп калдык, эң көп иштеген мен эле болдум окшойт, темир жолдон 2001-жылы арыз жазып чыгып кеттим.
- Журналистикага качан аралаштыңыз?
- Негизи мурда эле жазып жүрчүмүн. Менин атамдын бир тууган агасы Абдыраим Шаматов деген киши партиялык-советтик кызматкер, чоң акын болгон. Ошо кишиден мага жуккан болушу керек чыгармачылык шык. А кишинин төрт китеби чыкты, акыркысын Омор акем Сооронов өзү эле чыгарып коюптур. Омор акемдин өмүрү узун, ден соолугу бекем болсун.
Союз маалында университетке журналистика факультетине окууга өтүү абдан кыйын эле. Менимче, жаңылышпасам, эки жылдык эмгек стажы да болууга тийиш эле. Ошондуктан журналистикага башка жол менен барууну чечтим. Армиядан келерим менен 1981-жылы жаңыдан уюшулган Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институтуна тапшырып, өттүп кеттим. Бизди орус тилге Е.К.Озмитель, В.Янцен, В.Д.Скирдов, М.Кульчицкий, А.Н.Сыдыков, Ж.Ч.Жүдөмүшов жана башка көптөгөн тилчи дөө-шаалар окуткан. Азыр ойлосом, жаңы окуу жайына Кыргызстандын мен-мен деген мыкты окумуштуу тилчилери, лингвисттери тартылган экен ошондо. Бул инсандар нравалык маданияты абдан бийик, билими терең, чыныгы устаттар эле. Агайларым менен дайыма сыймыктанам.
Журналисткага 1987-жылдан тарта кириштим. Райондук гезитке тынымсыз макалаларым чыгып турчу, жадатма, супсак нерселерден атайын качып, жаңы нерсеге, жаңы темаларга ыктап турган жаш кезибиз эле. Темир жолдо иштеп жүргөндө деле макалаларды жазып турдум, “Дело” гезитине, анан кыргызча гезит бар эле, “Караван” беле жаңылбасам, ошого чыгып турду.
Кийин темир жолдон кеткенден соң эми журналистканы чындап багындырайын дедим. Ошо кезде “Асаба” гезити катуу чыгып аткан маал болчу, мен да Мартин Иденге окшоп, авторлордун жазганын окуйм, бирок өзүмүн жазгандарым деле алардыкынан түк кем эмес экенин билчүмүн. Бир күнү жарыя чыгып калды, гезит кабарчыларды тандап алат деп. Барсам, эл толтура экен, акыры өчүрөт жеткенде кирсем, талапкерлер менен “беседа” кылып аткан кадимки эле Баратпай акем болуп чыкты. А кишини “Кадырман карыларым” деген теледеги берүүсүнөн улам билчүмүн. Көрсөтүүнүн өзүнүн мага түк кызыгы жок эле, мени тартканы Баратпай акенин так эле Высоцкийдикиндей кырылдаган үнү болор эле. Ошентип маңдайында кудум экзамен тапшырып аткансып, отурам. Жазып ала барганыма бир сыйра көз чаптырып чыкты да: “сеники жарайт”,- деди. Башка кеп болбоду, чыгып кете бердим. Ошондон көп узабай “Асабаны” жаап тынышты да, анын ордуна Ак үйдүн клон – “Асабасы” жарыкка чыга баштады. Арманда калган жаным клонуна болсо да кирем деп орношуп, бир жылдай иштеген соң күнү бүттү да, тарап кеттик. Кийинчерек “Бишкек таймс” гезитине барып иштеп калдым. Мен абдан сыйлаган агам Нуралы Капаров мыкты адис редактор эмеспи, гезиттин нускасы саналуу эле айларда кескин жогорулап, элге алынып кетти. Анын да “түбүнө” жетишкенде (ким талашканын айтпай эле коеюн) мен Россияга, Сахалинге кетип калдым.
- Ооба, “Сахалин сапары” деген мыкты көркөм очеркиңизди окуган элек. Угушума караганда, көптөр аны кадимки эле нускама-инструкциядай кылып, керектүү жерлерин кыркып алып да окушкан экен. А эмнеге сиз бул турган Москвага эмес, тээ жердин түбү Сахалинге кеттиңиз? Ким болуп иштедиңиз ал жерде?
- Армияда мен көптөр мурдун чүйүргөн “стройбатта” кызмат өтөп, бир топ керектүү курулуш адистиктерин үйрөнүп келген элем. Таздын көөнү куруйт тилейт болуп, мен да десантка кызмат кылсам деп кыялданчумун. Бирок кайдан, боюң араң эле 1,65 болсо, сени ал жакка ким алмак. Агезде патриоттук сезим деген абдан күч эле, согуш башталып аткан Афганистан романтика көрүнүп, эрдик жаратууга шыктанган жаным райондук аскер комиссариатына кирип, ошол жакка өз ыктыярым менен барам дедим. Аскер комиссары Хитько деген жинди чалыш майор болчу, угуп укпай, орустун үч кабат маты менен ашата сөгүп туруп, дыргаяктата кууп чыкканы эсимде. Эч кайда барбай эле, Москванын чок ортосундагы № 000212 курулуш батальонуна барып түштүм да, эки жыл кызматымды өтөп кайттым. Эми ойлосом, курулуш иштерин үйрөткөнү жакшы болгон экен, керек учурда жардамы абдан тийип атат.
Москваны көрө берип тажаганмын чынында. Аскерде ошол жакта жүрдүм, анан №17 Бишкек –Москва поездинде иштегенде да ошол жакка каттадым. Андыктан башка жагы кызык эле мага, ошентип жүргөн күндөрдүн биринде ал жакта иштеп аткан бажам шашылыш чакырды да, ит куугундай тездик менен Сахалинге учуп кеттим. Адегенде Сахалин – 2 деген эл аралык долбоордо карапа кыноочу (плиточник), анан ошол эле долбоордогу “Кентек” деген канадалык электр компаниясында монтаждоочу болуп иштедим. Аскерден алган кесиптердин пайдасы ушул жерден дагы тийди.
Дем алыш күндөрү жыйырма мүнөттө жетчү Корсаковск деген чакан шаарча бар эле, ошол жакка барчубуз кыдырып. Балдар пийва ичип эс алса, мен паркта отуруп алып, жергиликтүү гезиттердин ар бир санын окуп, талдоо жүргүзөм. Анан бир күнү эртең менен редакциясына барып, орун басар редактору менен таанышып, сүйлөшө кеттим. Жанагы талдоо жүргүзүп, жазып жүргөндөрүмдү көрсөтүп, гезиттин ишин жакшыртуу боюнча бир топ сунуш-пикиримди айтсам, абдан жанданып, кубанып кетти. Башта бул кайдагы неме деп жаман көзү менен караган эле, аңгеменин жүрүшүндө дароо өзгөрүлүп, кадимки кесиптештей сүйлөшө кеттик. Кыргыздарды жаман көрүшөрүн билип эле турам. Биздикилер жөн жүрбөйт да, аракка тоюп алышып сөгүнүп сагынып, ары-бери сүйрөшүп жүрө беришет, какырынып түкүрүнүп, кечке эле угуза мурундарын чимкире беришет, анан ким жакшы көрсүн. Замредактор да кыргызмын десем таң кала чочуй түшкөнү ошондон. “Первый раз вижу нормального, образованного киргиза”- дейт кайра-кайра таңданганын айтып.
Экөөбүз бабыраша берип, ал ортодо убакыт түш болуп кетиптир. “Кой, буга чай алып берип, жакшылап таанышып алайын”- дедим да кафеге алып бардым. Кокусунан эле тамактын алдынан “бирдеме сеп этпейсиңби?”- деп сурай салсам, “кым” дей түштү. Анан менин айтаар оюмду айттырбай туруп эле өзү айтып койду, “бизге келип иштебейсиңби?”- деп. Макул болмокмун, бирок айлыгы аз, анан да жатакана жагы кымбатыраак түшөт экен. Эки киши эмес, жыйырма эки киши болуп жашасаң, ошондо арзан жашайт экенсиң. Бирок бир жылда бир материкке курортко жибергени абдан жакты. Анткени аралда өмүр бою жашап келатканы деле материкке кетем деп дегдей берет экен. Адегенде таң калып жүрдүм, көрсө, булар бир замандарда Сахалинге сүргүнгө айдалып келгендердин тукумдары тура, материкке жетпей, сөөгү ушул жерде калган ата-энелеринин арманы, үмүт-кыялдары көнүмүш болуп, эми буларга өткөн окшобойбу.
Кыскасы, гезитке иштегенге макул болбодум. Андан көрө “сайтта” (биз жашаган шаарчаны ушинтип коюшат) иштегениң жакшы эмеспи. Эң заманбап жатакана, даамдуу тамак-ашы, спортзалы, кинозалы, китепканасы бүт бар, айлыгыңды ыйманы ысык элпек япондор конвертке салып, иштеген жериңе жеткирип беришет, жөн бербей, кайра-кайра жүгүнүп, ыракматын айтып кетишет. Эмнеси жаман...
- Баса, ошол Сахалинде же башка чет жерде жүргөн биздин кыргыздын балдары деги кимдер, мындай бир билими, адистиги барларбы?
- Абдан талуу маселени козгодуң, Нургазы иним. Азыр кандай болуп калды билбейм, бирок ошол маалда мен билимдүү, маданияттуу, адистиги бар балдарды дээрлик көргөн жокмун жанымда иштегендердин арасынан. Алардын көпчүлүгү өмүрү айылдан эки кадам алыс чыкпаган, эч бир адистиги жок, же тилди билбеген карапайым балдар эле.
Мынчалык болду, сага бир кызык окуяны айтып берейин. Бир жолу Корсаковскидеги поликлиникага кирсем, ал жерде жапжаш кыргыз бала отуруптур. Бутунда кытайдын илме тапичкеси, кийими да жүдөө, спорт шымчан. Кыргыздын мындай балдарын азыр Россиянын ар бир шаарынан көрөсүң. Отургучтун четине отуруп алып, колундагы бир барак кагаздан бирдемени күбүрөп окуп атты жанагы бала. Кудум ыр жаттап аткандай. Жанына акырын отурдум. Эмне болду экен окуп атканы деп кызыгып, байкатпай мойнумду созо акырын карадым да... аз жерден отургучтан кулап кете жаздадым! Баракта бирөөнүн ийрийген тыйрыйган колу менен минтип жазылыптыр (ошол баракты сактап койсомбу деп алып да алдым эле, бирок кийин таппай калдым): "Ыздрасти дохтур. Мине пылох. Тимпаратура балшой. Галава гарит кожа гарит висё гарячый как печка. Дай мине табылетка дай мине үкөл. Ыспасиба. Дасвидания”.
Анан аягына: “Денга мала, очин мала” деп кошуп коюптур. Мени байкай коюп, шак эле ары бурулду жигитче. Боорум эзилип күлүп жибере жаздап, араң чыдадым да, далысынан акырын таптап, кыргызча сурадым:
- Э досум, кызыктуу бирдеме окуп аткансың го, ырбы?
Байкуш бала уга калып, тимеле атасын көргөндөй кубанып кетсе болобу.
- А?! Байке, кыргызсызбы?! Мен сизди кареес (корей) экен десе… Ооруп калып, дуктурга келдим эле, ысытма чыгып атат, катуу суук тийген окшойт…
- Кагаздагың эмне?
- А-а, булбу?- уялып кетип, кагазды чөнтөгүнө сала койду. - Жөн эле, бир бала жазып берген. Орусча билбейм да, досум болсо жакшы билет. Врачка барганда кантип айтам десем, ушуну жазып берди. Врачка эптеп окуп берсең, өзү билет деген.
- Токточу, мектепте окудуң беле??
- Окугам, жети класс бүтүргөнмүн,- мактангансып койду.
- Орус тилин эмнеге үйрөнгөн жоксуң анан?
- Мугалим жок эле. Деректирдин тууганы окуткан бир аз, трактирчи болчу өзү. Бирок сөгүнгөндөн башканы билчү эмес, кечке эле жаптваймат деп бакыра берчү. Анан кетип калды. Ошол бойдон көрбөдүк.
- Тилди билбей кантип иштеп жүрөсүң анан?
- Менби? Иштеп атам да. Бирок орустар менен сүйлөшпөйм. Абдималик деген досум түшүндүрүп берет. Тилдин не кереги бар, байке?
- Кандай не кереги бар?- жиним келип кетти. - Мына догдурга келип, тил билбей отурасың мисалы? Эмнеге келдиң анан Россияга?
- Баары эле келип атат ко, акча керек да, байке…
Врачка экөөбүз кирдик. Кагазды бердим. Окуду да боорун тырмап күлүп калды. “Ну, ребята, вы подняли мне настроение! Высокая температура, плохо себя чувствуем, все тело горит, нужны таблетки, в общем, все понятно. Написано вполне прилично,- деди тамашакөй врач, бет аарчысы менен көзүнөн аккан жашын сүрүп. - Только вот это слово (үкөл) не могу понять. Что это? А-а, так это наше слово укол? Ничего себе, вот чудеса языка! Для жителя из нашей довольно средней Азии очень даже неплохо! Спросите его, а зачем он в конце написал, что денег мало? Я что, похож на вымогателя? – деп бабырай берди көңүлү куунак дарыгер. – Пардон, понял, видимо, для страховки, на всякий случай…”.
Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ошол окуяны эстеп, дагы кыжырым кайнап чыкты да, айылдардагы мектептерде орус тилин окутуунун абалы туурасында кеп баштап келип, жанагы окуяны мисал келтирдим. Министрдин да дарегине анча-мынча сын айтылып кетти ачуу үстүндө. Макала “Замандаш” журналына басылып чыккан соң, мени министр “тез кабылга келсин” деп чакыртыптыр. Министр айым менен маселени бир сыйра талкуулаган болдук, бирок азыр эсимде калбаптыр, эмне жыйынтыкка келгенибиз. Бирок өзүнө чейин иштеп кеткен министрди бир топко дейре терисин тескери сыйрыганы гана эсимде калыптыр.
Сахалинде жүргөндө балдарды орус тилине үйрөтүүнүн камын көрүп, мындай ыкма ойлоп тапкан элем. Балдар менен жалаң орусча сүйлөшөбүз, ким кыргызча кетсе, ошол замат айлыгынан беш жүз рубль айыпка жыгылат. Оюндай сезилгени менен бул ыкма абдан натыйжа берген.
Журналисттин бир жерде отуруп алып быкшый бербестен, анча-мынчада тышка, алыс жактарга чыгып, “шамалдап” келип турганы өзүнө пайдалуу. Баары нерсе салыштыруудан көрүнөт эмеспи. Жазуучу болом деген кишиге ого бетер керек бул. Турмушту көрбөгөн адамдан жакшы жазуучу чыкпайт. Жылуу -жумшак кабинетте отуруп алып, ширин памил чайдан ууртап коюп, ойдон чыгарылып жазылган чыгарманы, же мейли азыр модага айланган сериалды ит окубайт. Аталышы шумдук болсо эле элдин баары жабыша калып окуп кирет деп ойлогон туура эмес.
- “Бишкек-таймстан” кийин кайсы гезитке кеттиңиз?
- “Аалам” гезитине бардым. Кабарчы болдум, анан баш редакторлукка жеттим. Ал гезит да токтогон соң кайра келип, Нуралы Капаров байкем экөөбүз жарым жылдай “Кыргызстан маданиятын” чыгардык. 24 бетти экөөбүз чыгарып жүрдүк.
- Кайрадан котормо жаатындагы сөздү аягына чыгаралы. Эмне себептен котормочулукка ыктап калдыңыз?
- Котормочулук кесип дайыма барктуу жана эң керектүү кесиптердин катарында болуп келген. Алгачкы котормочулар Байыркы Египетте эле пайда болуп, эң ардактуу адамдардын катарына киришкен экен. Байыркы Руста деле тилмеч монахтар алдыңкы адамдардан болушкан. Албетте, чыгарманын түп нускасын окуганга не жетсин, бирок азыр адамдар окубай деле калды, орусча окугандардын саны да азайды. Ошого карабай, котормочулук кесиптин кедери кете элек, жакшы котормочуларды азыр жумуш өзү издеп таап келип турган чагы. Көп учурда депутаттар “котормодон кеткен” дешип, кайсы бир документтерди талашып-тартышканын угуп калып жүрбөйбүзбү. Чын эле ушундай маселе бар. Эсиңдеби, 1960-жылы Генсек Никита Хрущев БУУнун трибунасын батиңкеси менен койгулап: “Я вам покажу кузькину мать!” деп кыйкырганын чет элдик котормочу кантип которгонду билбей, “кuz’kina mother” деп сөзмө сөз которуп койгон. Батыштын мамлекет башчылары болсо муну “ии, Хрущев бизди жаңы жашыруун ядролук куралы менен коркутуп аткан тура”- деп ойлоп калышкан. Бүтүндөй Батыш дүрбөлөңгө түшкөн. Бул деген кыргызча айтканда, кадимки эле “акеңди анжияндан таанытып коём”- деген эле опуза эмеспи.
Мен котормочулук иштен чындап ырахат алам, мен үчүн адабий тексттерди которгон тимеле жыргалдай сезилет. Оор иштен кийин котормо жасоо менен эс алам. 2015-жылы болсо керек эле. Абдан жакшы көргөн акын агам Шайлообек Дүйшеев Санкт-Петербургка барып, КМШнын Парламенттер аралык Ассоциациясынын Ч.Айтматов атындагы адабий сыйлыгын алып келбедиби. Сапарга кетер алдынан а киши мага чалып, суранып калды. “Бакыбай, орус туугандарга барганда тоодон түшкөн бирөө келиптир дебесин, мен “Агындылардан” орустарга тиешелүү жерлерин тандап берейин, сен которуп бер. Барганда балким, окуп беришим керек болот, чакырган бир жерлер болуп калса”,- деди. Айткан жеринен алып, душман көзүнө деп 7-8 барак которуп бердим. Шайлоо байкем наристедей таза киши эмеспи, келгенде тимеле кудуңдап сүйүнүп келди, сыйлыгынан да баягы которуп берген жерлерди орус аудиториясынын алдында окуп бергенине көбүрөөк кубанып алыптыр. Которсо эле чыгарма окурманга жетет турбайбы дейт. Абдан ыраазы болгон байкем ошондо.
Мен котормонун эки түрү менен алектенем (адабий жана расмий тексттер), биринчисин жан дүйнөмдүн ырахаты үчүн жасасам, экинчиси - акча табышым керек. Иштешип аткан мекеме-уюмдар бар, алар менен узак жылдардан бери көнүшүп, иштешип келатам. Менин артыкчылыгым - ишти аларым менен айтылган мөөнөттө бүтүрөм, керек болобу, күнү-түнү отуруп болсо да иштеп берем. Ылдамдыгым, машиненики менен айтканда, саатына 180 километр. Иш урааным: “Сапат жана профессионализм”. Мактаныч жок, болгону болгондой. Анан да аз-маз реклама дегендей.
- Котормочулук иштеги устаттарыңыз кимдер?
- Дүйнөлүк масштабдагы бир топ чыгаан котормочулардын аттарын атасам болор эле. Бирок алар туурасында кеп кылуу кыргыз окурмандарына анчалык деле кызык болбос дейм. Өзүбүздүн котормочуларды алсак, албетте, Алыкул Осмоновдун “Жолборс терисин жамынган баатырын”, Аман Токтогуловдун “Менин Дагстаным” (Р.Гамзатов), С.Бектурсуновдун “Согуш жана тынчтык” (Л.Толстой), Мырзаян Төлөмүшовдун “Спартак” (Рафаэлло Джованольи) котормолорун ж.б. айтсак болот. Булардын ичинен өзгөчө Ашым Жакыпбековду жогору баалайм. Анын котормосундагы Айматовдун “Кыяматы” чыгарманын оригиналынан да ашып түшкөн. Ашым байкенин тил байлыгы укмуш эле. Маалыматтарга караганда, биздин котормочулардын алтын доору 20-кылымдын 70-жылдарына туш келет экен. О.Орозбаев деген агабыз Шолоховдун “Тынч Дон” роман эпопеясын которуп, бул кыргыз котормосундагы абдан көрүнүктүү иш болуп калган экен. Окуп чыгайын деп таппай жүрөм.
- Котормочуда сөз байлыгы болушу керек эмеспи. Өзүңүздүн тил байлыгыңызга канааттанасызбы?
- Албетте жок. Тил деген түгөнгүс кенч, аны эч ким акырына чейин толук биле албайт ко. Мен тынымсыз окуйм, өзбек, казак классиктеринин чыгармаларын оригиналында окуйм. Тилибиздин теги бир эле да. Айрыкча Гафур Гуламды, Хамзаны, Садридин Айнини жакшы көрөм. Орус классикасына дайыма суусап турганым турган. Гоголь деген не керемет! Чеховчу! Эне тилибизге келсек, албетте, Шайлообек Дүйшеев теңдешсиз тил чебери! Кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге сунуш кылаар элем: Дүйшеевди окугула, Жакыпбековду окугула, мына бүтүндөй эки чоң мектеп.
- Азыркы заманда компьютер деген автоматтык түрдө которуп атпайбы? Буга кандай дейсиз?
- Туура, бирок мени айтты дей бер, дүйнөдөгү эң кыйын компьютер да адамдай которо албайт. Анткени котормо деген бул – дал келген сөздү табуу эмес, ойду табуу эмеспи. Ошондуктан машинеге ишене берген болбойт.
- “Мартин Иденден” башка дагы кайсы котормолоруңуз бар?
- Мен абдан көп котордум, бирок алардын баарын жарыкка чыгарган жокмун. Мени убакыттын таңкыстыгы дайыма кыйнап турат. Котормо негизги ишим эмес, бирок ошого жакындап калды. Экс-премьер-министр Турсунбек Чыңгышевдин “Время. События. Люди” деп аталган эскерүүлөрүн котордум. А киши менен сүйлөшкөндө “кыргыз тилдүү окурмандар да окуп калса жакшы болмок” деген ойду айткан элем. Анткени китепте урунтуу окуялар абдан кызыктуу баяндалат. Бүтүрүп бергенмин, бирок китеп болуп чыктыбы, жокпу, биле албайм. Турсунбек Чыңгышевич өзү “китеп кыргызча болуп чыкса, биринчи болуп сен угасың”- деген. Балким, чыгып калар. Андан кийин КСДП партиясынын 20 жылдыгына карата “20 лет борьбы за интересы народа” деген юбилейлик китепти, Кыргызстандын белгилүү фото-журналисти Нина Горшкова 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды чагылдырган фото көргөзмө өткөрүп, “Апрель-2010” аттуу фотоальбом чыгарган эле, ошонун текстин кыргызчалатып бергем. Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов акебиздин “Чыңгызхан кыргыз болгон” деген китебин орус тилине котордум. Дагы бир көрүнүктүү деп эсептеген ишим – журналист досторум Абдыжапар Нурдинов баш болуп, Болот Таштаналиев үчөөбүз бир кезде Кыргызстандан бакты таалай издеп чыгып кеткен, учурда бутка турушкан кыргыз азаматтарынын тагдыр таржымалын баяндаган “Улуу көчтүн урпактары” деген килтейген энциклопедиялык-жыйнак чыгарганбыз. “Соотечественники” деп аталган орусча вариантын толугу менен өзүм кыргызчадан орус тилине котордум. Китебибиз Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Китеп көргөзмөсүнө коюлуп, 3-даражадагы диплом утту.
Которуп баштап коюп, бирок иштен колум бошобой убактылуу токтотуп койгон чыгармалар бар, кудай буюрса, алардын да кезеги келер. Жашырганда эмне, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, котормого колум тийбей келатат. Эми буюрса, балдарым бутка туруп калды, бара-бара отуруп алып эле китеп жазганга жана которгонго өтсөмбү деген ниетим бар. Кудай жалгап, кризиске кептелип калган котормочулук иши да азыр жандана баштады. Баса, ушу сентябрь айынын 30-чу числосу котормочулардын кесиптик майрамы экен, андыктан котормо жаатында иштеп аткан бардык кесиптештерди мына ушул майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачылык албан ийгиликтерди каалап кетким келет.
- Байке, мурдараак макаларыңызды окуп турчу элек. Акыркы жылдары гезиттерге такыр жазбай да калдыңыз го? Эмнеге? Же тажадыңызбы?
- Макаланы убагында километрлеп эле жаздым чынында. Бирок мен жазгандан, же мен бирөөнү сындагандан Кыргызстан укмуш өнүгүп, чиновниктердин баары ишмер болуп кеткен жок. Дегеле кыйынсынып же тапанданып жазып, бирөөгө тийишкенди, жөнү жок асылганды таптакыр токтотком. Жаш курак келип калдыбы, же көз карашым өзгөрдүбү билбейм, бирок элдин баарына жакшылык эле каалап калдым. Базарда сатып отурган бирөө алдап койсо деле баягыдай ачуум келбейт, кайра ичимен, “алганың аш болсун, сен деле ушул жерде жыргагандан отурган жоксуң”- деп кете берем. Өткөндө маршруткада баратсам, эл көп, арты жагымда бир бала турган. Байкап турсам, акырын арткы чөнтөгүмдү сыйпалап кирди. Бирин, экинчисин сыйпалап чыкты да туруп калды. Шак эле бурулдум да элүү сом акча сундум. Элге угузбай, “сен сыйпалаган чөнтөктө эч нерсе жок эле, балам, муну ала тур, бирок сеники туура эмес, башка, колу жүндүү бирөө кармап алса, талпагыңды ушул жерден эле жайып таштамак”- десем, уялганынан эмне айтаарын билбей, акырын ары жылып кетти.
Макала жазбаганым менен бирок адамдардын жакшы жагын жан дилим менен жазгым келет. Саясатта, бийликте эмне болуп атканын, өлкө кандай абалда экенин көрүп эле турасың, бирок эч кимди күнөөлөгүң келбейт. Ар кимиси алынын, билиминин, ыйманынын жетишинче иштеп атат, кимиси кандай иштеп атат, ага Кудай таалам менен эл тараза. Жакшы иштесе, элдин алкышына, жаман иштесе, элдин каргышына калат. Дегеле мен бул жарыкта адамды кордогондон, кемсинткенден, адамга сын таккандан өткөн жаман нерсе жок экенин түшүндүм. Ушуну түшүнгөнүмө абдан ыраазымын.
- Азыркы жаш журналисттерге кандай көз караштасыз?
- Баарыбыз эле жаш болгонбуз, баарыбыз эле чуркап үйрөнгөнбүз, калем кармап, асмандан даяр болуп түшкөн жокпуз. Жаш кесиптештериме кааларым – тынбай билим алыш керек, тынымсыз окуш керек, ошондо гана профессионалдык жактан өсүш болот. Анан да кыргыз тилибизге ыйык нерсеге мамиле жасагандай мамиле кылышыбыз керек, анткени иштеген ишибиз тил менен тикеден тике байланышкан. Адабий тилдин нормасы деген бар, ошондуктан тилди таза кармап, ар ким эле айылдан сүйрөп келген сөздөрүн киргизе бербеши керек. Азыркы учурдагы жаш кесиптештер арасында кеңири тараган оору – бул ката жазуу болуп калды. Мындан тезирек арылбасак болбойт. Кыргыз тилдүү гезит болобу, сайттар болобу, ар бир сабынан ката оркоюп көрүнүп турат. Мунун дабасы – окуш керек, билимди тереңдетиш керек.
(Уландысы кийинки санда)
Нургазы АНАРКУЛОВ
Булак: “Майдан.kg”.