Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери тогуз жаштагы баланын сөөгүн табышкан. Бала белгилерге караганда турчуктурулуп өлтүрүлгөн.

 

Ысык-Көл ИИБинин маалыматына караганда, милицияга баланын ата-энеси арыз менен кайрылышкан. Алар аутизм менен жабыркаган уулу дайынсыз болуп жатканын кабарлашкан.

 

Милиция баланы издөө иштерин баштаган маалда, Чолпон-Ата шаарынын тургундары көлдүн жээгинде баланын сөөгү жатканын билдиришкен. Ал жерге милиция кызматкерлери барышып, барып тумчуктурулуп өлтүрүлгөнүн көрүшкөн. Баланын моюнуна тор баштык бар болгон. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.