Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, жакында эле дипломатиялык паспорт менен чет мамлекетке чыкканына айыпталган Лунара Мамытова соцтармактагы билдирүүсү аркылуу коомчулуктун оозун ачырды. 

 

Кайсы чет өлкөлөргө барып саякаттаганын тизмелеген орун басар, мындай кылууга пенсионерлердин да дарамети жетээрин белгилеген. 

 

"Франция, Германия, Бельгия, Америка, Түркия, Египет жана башка өлкөлөр, булардын баарын көргөм. Министрликте иштей электе эле, өз каражатым менен барып келгем. Менин жашоодогу урааным: "Байлык эмес, дүйнө кыдыруу маанилүү". Ушинтип гана ички дүйнөбүздү байытып, акыл потенциалыбызды өнүктүрөбүз", - деп жазган. 

 

Ошондой эле, ал пенсионерлер деле ар айдагы пенсиясынан кайсы бир сумманы топтоп отуруп, дүйнө кыдырууга жетерлик каражат топтой алаарын белгилеген. 

 

 

Бул билдирүүдөн кийин Лунара Мамытованын акылы менен пенсиясын топтоп, чет мамлекетке саякатка чыгууга "камданган" пенсионерлер пайда болду. Соцтармактын колдонуучулары орун басарды мазактоого алышып, анын пенсиянын суммасы канча экенин так билбестигин сынга алышкан. Айрымдар, пенсионерлердин пенсиясы акча топтомок тургай, күнүмдүк жашоонун бардык чыгашаларын жаба албай, айдан айга жетпей турганын да билдиришти.