Жолдон өтүп келаткан тестиер үч баланы куткарам деп кичи автобуска сүзүлгөн Жол коопсуздугун камсыздоо Башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, өкмөт башчы болуп өткөн окуяны дыкат жана тыкыр иликтөөнү ИИМге тапшырды. 

 

Эске салсак, кечээ, 1-октябрда Бишкектеги Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы орун алган. 31 жаштагы инспектор жолдон өтүп келе жаткан үч окуучу баланы кичи автобустан куткарам деп өзү кырсыкка кабылган.