Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды. УКМКнын тергөөчүлөрү тергөө амалдарынын бүтө электигинен улам, экс-премьер-министрдин абактагы мөөнөтүн узартууну суранышты. 

 

Исаковдун адвокаттары мындай өтүнүчкө каршылыктарын билдиришти. Бирок, сот тергөөчүлөрдүн пайдасына чечим чыгарып, экс-премьер-министрди 5- декабрга чейин УКМКнын абагында кармоону бекитти. 

 

Бул учурда Исаковдун тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушту.