Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бийликти кыргыз өлкөсүнүн атынан чет өлкөлөрдөгү  ишчараларга катыша  турган мамкызматкерлерди кылдат тандоого чакырды. Бул тууралуу элчилик бүгүн,  1-октябрда билдирүү таратты.   

 

Анда билдирилгендей, айрым мамкызматкерлер өлкө кадыр-баркына шек келтиришүүдө. 

 

Маалыматка караганда, КР Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиев баштаган Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков Кореяга барышкан. Алардын максаты эл аралык иш чарага катышуу болгондуктан, элчилик   виза жагынан көмөктөшкөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон Кыргызстанга кайтпай коюшкан. Мындай кадамы менен алар Түштүк Кореянын миграция мыйзамын бузду. Ошондой эле, корей бийлигинин кыргыз мамкызматтарына болгон ишенимин жоготууга өбөлгө да болушат

 

  

 
  •