Депутаттар тобу Ат-Башы районунда көчмө жыйын өтөрүп, жолдордун, көпүрөлөрдүн абалы, социалдык объектилердин курулушу менен жеринен таанышууда. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 
 
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Нарын облусунун Ат-Башы районунда көчмө жыйын өтөрүп, жолдордун, көпүрөлөрдүн абалы, социалдык объектилердин курулушу менен жеринен таанышууда. Жыйынга тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алтынбек Жунус уулу баштаган депутаттар, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери катышып жатат.

 

Депутаттар мал базарга жакын жайгашкандыгынан улам жедеп тарпы чыгып калган Бирлик айылынын жолун жаӊыртуу, бир автоунаа араӊ өткөн Ача-Кайыӊды айылындагы көпүрөнү кеӊейтүү зарылдыгын белгилешти. Андан тышкары, курулуштары башталып калган бала бакчалардын имараттарын тезинен бүткөрүү тапшырмасы берилди.