Бүгүн, 1-октябрда медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын Баатыры Мамбет Мамакеевич Мамакеев 91 жашка толду. Бул тууралуу Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынан билдиришти.
"Академиктин туулган күнү менен өзү госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору болуп саналган КММАнын жетекчилиги жылуу куттукташып, тилектерин билдиришти. Окуу жайдын проректору профессор Андрей Сопуев билдиргендей, атактуу хирург туулган күнүн жумуш ордунда, кезектеги пациентке операция жасоо менен тосуп алды", - деп билдирет КММА.