Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке кыштагында жайгашкан №5-жол тейлөө мекемеси 300 чакырым автожолду такай көзөмөлдөп, автоунаалардын ары-бери тоскоолдуксуз каттоосуна өбөлгө жаратып келатат. Тилекке каршы, бул мекемеде эмгектенгендердин түйшүгү түмөн экендигин көпчүлүк анчалык деле жакшы биле беришпейт.
- 45 жылдан бери дал ушул Мырза-Аке кыштагындагы №5-жол тейлөө мекемесинде гана үзгүлтүксүз эмгектенип келатам,- деп кепке аралашты айдоочу Турдубек АШЫМОВ.
– Жыйынтыгы жаман эмес. Эң башкысы: мына ушул жерден гана абийир таптым. Кадыр-барк күттүм. Үй-бүлөм агарып-көгөрдү. Азыр деле эмгек жамаатым жаман эмес. Баарыбыз бара-бара бир тууганга дагы айландык. Дагы жакшысы: жетекчиге жарыдык. Калдарбай Шалпыков дегеле бой көтөргөндү билбейт. Биздин баарыбыздын түйшүгүбүздү чогуу көтөрөт.
Ал эми 38 жыл жалаң грейдер башкарган Нышанбай УМЕТБАЕВ өмүрүнүн көпчүлүгү дал ушул жолдо өткөндүгүнө дегеле кейиген жок:
- Жашырып не. Биз майрам жана дем алыш күн дегенди таптакыр эле унутканбыз. Тескерисинче, дал ушул күндөрү чарчаганча өлө иштейбиз. Биз тейлеген аймактар жер көчкү, суу ташкыны, сел өңдөнгөн жаратылыш кырсыктарына көп кабылат. Ошондуктан, ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга аскер адамы сындуу күнү-түнү дапдаяр турабыз. Ар кандай чукул чакырыктарга шылтоо таап, баш тартмай деген адатыбыз жок!
Буга улай оператор-автожүктөгүч Бекадыл КӨЧӨРОВ дагы 18 жыл бою жалаң талаада.
- Эки уул, үч кыздын атасымын. Баары тең мектепте окушат,- дейт оператор-автожүктөгүч Бекадыл Көчөров. – Шартка байланыштуу балдарымды көп деле көрбөймүн. Бары-жогумду аларга таптакыр билдирбеген апасы тигилерге жетиштүү эле карап турат. Жашырып не. Маянабыз көрсөткөн кызматыбызга гана жараша. Бирок, ушунусуна дагы шүгүрчүлүк кылып олтурабыз. Бирок, Кыргыз Өкмөтү оң далысын салып, айлыгыбызды заман талабына жараша дагы көбөйтсө, чындыгында, соопко гана калмак.
Кесиптештери чынында абдан катаал шартта иштеп жатышкандыгын Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке кыштагындагы №5-жол тейлөө мекемесинин директору Калдарбай ШАЛПЫКОВ деле моюндады.
- Көрдүңүздөр го. Мырза-Аке кыштагындагы №5-жол тейлөө мекемесинин карамагындагы техникалар дээрлик эскирип бүттү. Анткени, баары тең тээ Союз маалындагылар. Акыркысы – мобул КАМАЗ. А дагы өткөн кылымда, 1986-жылы Мырза-Акеге алып келинген. Ошентсе дагы, жалаң эскилерди эптештерип, утуру ремонттоп кураштырып иштетип жатабыз,- деп тызылдады Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке кыштагындагы №5-жол тейлөө мекемесинин директору Калдарбай ШАЛПЫКОВ. – Көңүлүбүздү күн сайын өйүткөнү: мобул Мырза-Аке-Кара-Шоро, Өзгөн-Заргер, Өзгөн-Жыланы-Ийри-Суу-Чаңгет автожолдору. Ырасын айтканда, ушул тапта заманбап жаңы техникаларга абдан эле зарбыз! Атайын техника, жапжаңы грейдер, эксковатор, каток, самосвал менен чукул арада камсыз этишсе, ошого жараша азыркыдан дагы натыйжалуу иштемекпиз.
Ошентип, эскилиги эбак жеткен техникалар менен катарынан талкаланган автоунаа жолдордо жаңыча иштеп жатышкан Мырза-Аке кыштагындагы №5-жол тейлөө мекемесинин жолчуларына – мээнеткеч замандаштарыбызга ийгилик гана тилеп сапарыбызды андан ары уладык.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Булак: “Майдан. Kg” гезити