Бишкекте жүк ташуучу автоунаанын айдоочучу Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын инспекторун сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 1- октябрда болгон.
Инспектор Чүй жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу автоунааны токтоткон. Бирок, айдоочу баш ийбей автоунааны токтотпой жүрүп отуруп, инспекторду сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, айдоочу камакка алынды.