УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош мэриясынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу комиссиясынын мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарды. Бул туурлуу УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 2017-жылы Ош мэриясынын токтому менен майып адамдарга "Анар" кичирайонундагы көп кабаттуу үйдөн 66 батир бөлүнгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган батирлерди алгандардын 8и кыймылсыз мүлкү жоктугун айгинелеген жасалган документ көрсөтүшкөн, дагы 32 адам батирди алганга чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жана Бишкек шаарында жашашкан. 

 

Ошондой эле дагы 9 адам батирди мыйзамсыз алышкан, алар 3-топтогу майыптар болушкан. А Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык бекер турак-жай менен 1 жана 2-топтогу майыптар гана биринчи кезекте камсыз боло алышат.  

 

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.