Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропортунда жаран экинчи кабаттан терминалдан боюн таштаган. Ал 37 жаштагы кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя 27-сентябрда болгон. Боюн таштаганы жаткан жаранды башка жүргүнчү токтотууга аракеттенген. Бирок, ал сөздү укпай, өз өмүрүнө кол салган. Ошол жердеги айрым адамдар жарандын кызуу абалда болгонун айтышууда. Секирерде «Мен силерди жакшы көрөм», - деп кыйкырган.
Жабырлануучуга дарыгерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, ооруканага алып баратканда жолдон каза тапкан.
"