Кыргызстанда жети бала төрөгөн аялга “Баатыр Эне” ардак наамы ыйгарылып, а түгүл төшүнө орден дагы тагылат. Мамлекет тарабынан мындай ак жоолукчандарга бир катар жеңилдиктер дагы каралган. Тилекке каршы, жети баланын энеси, Өзгөн районуна караштуу Жазы айылынын тургуну Рааткан апа БАТАЕВА мындай-урмат-сыйдын эмдигиче бирин дагы көрө элек.
- Рааткан апа, бала-чака түгөл, а атабыз аманбы?
- Чалым экөөбүз он бир бала көрдүк. Атасы булар жашында эле каза тапты. Ушуга улай үч баламды удаасынан акыретке айласыздан узаттык. Азыр жети эле балам бар.
- Ушул тапта балдарыңыздын кимисинин колундасыз?
- Салтка ылайык кичүү уулум – эгизимдин түгөйү Асан Ормоновдун колунда турам.
- Эми мобул Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигин неге айланчыктап, эшигин сагалап жүрөсүз?
- Айтмакчы, “Баатыр Эне” наамын алганга үч жыл мурун эле бардык документтеримди тапшыргамын. Район акими Бактыбек Алайчиевге акыры даттанайын десем, ага мобул күзөтчүлөр таптакыр киргизишпейт. Же документтеримдин кем-карчын дагы толуктайын десем, ал кагаздарымды мага дагы эч көрсөтүшпөй мукуратышты.
- Өзгөн районунун акимине, же райакимчиликтин тиешелүү кызматкерине саарлап күтүп, эшиктен эле жумушуна кирип баратканда жолукпайт белеңиз?
- Ыя айланайын, мен буерде иштегендердин эч кимисин тааныбайт экемин. Же билгендер адамгерчилик кылып айтып коюшпайт. Сурасаң эле “Жок!”, “Тааныбайбыз!”, же “Жана эле чыгып кеткен!” деп айламды таптакыр курутушту.
- Рааткан апа, эми айлаңыз биротоло куруганда кантесиз?
- Чо-оң плакатка талаптарымды бадырайта жаздыртып, анан ошону мойнума илип, Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына пикетке чыгат өңдөнөм. Ошондо жалпыга маалымдоо каражаттары муну байма-бай чагылдырышса, анан аким дагы, губернатор дагы уялышканынан кызматкерлерине бирдеме дешээр? Же өздөрү чакыртып кабыл алышып, муң-зарымды тыңдашаар?
Булак: “Майдан. kg” гезити