Кыргыз журналистикасында эки тилде бирдей жаза билген журналисттер аз эле. Алардын бири биздин бүгүнкү коногубуз - журналист, жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов. Жакында Джек Лондондун “Мартин Иден” аттуу атактуу романын которуп, окурмандарга тартуулады. Каалагандар жакынкы убактарда “Рухэш.kg” адабий сайтынан окуй алышат. Мындан тышкары, агабыздын өзгөчөлүгү - бул адамдын тагдыр таржымалы абдан кызыктуу, жылуу жумшак кабинеттерден тартып, үшүп-тоңгон күнү жылытпас Россиянын көз талдырган кыйырларында поюз минип нечен каттаган, карапайым мигрант болуп, мусаапыр жашоонун азабы менен ачуу даамын жетишинче тарткан, айтор, тагдырдан оомат талашып, кыйынчылыктарга бүгүлбөй сынбай, күжүрмөндүгүнөн жазбай күпүлдөтө иштеп келатат. Айтор, бул адам менен аңгемелешип отургандын өзү эле кызыктуу китеп окугандай. Эмесе, аңгемебизди баштай берели. 

 

- Бахтияр байке, эмне үчүн Джек Лондондун “Мартин Идени” экинчи жолу кыргызча сүйлөдү деп жатасыз? Дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү чыгармаларынын бири болгон бул романды буга чейин кайсы кыргыз жазуучусу которду эле? Эми аны кайрадан которуп убара болгонуңузга не себеп?

 

- Бул романды буга чейин тээ 1970-жылы Жоробек Султаналиев деген агабыз которгон экен. Угушума караганда, бул эмгеги ошол кездеги адабиятыбыздын көрүнүктүү окуяларынын бири болгон. Мен анда тогуз жашта экем, эсептесем. “Мартин Идендин” кыргызча котормосун кечээ жакында эле кокустан таап алып, окуп чыктым. Сураштырсам, Жоробек Султаналиевдин көзү эчак өтүп кетиптир. Бирок канткенде да эрдик кылыптыр Жоробек байкем. Жаткан жери жайлуу болсун.

 

Джек Лондон менин эң жакшы көргөн жазуучуларымдын бири, “Мартин Иден” романын болсо, биринчи курста окуп жүргөндө окудум эле, ошондон бери окуп келатам. Кайра-кайра окугандан түк тажабайм. Дегеле китепти мен бир окуп туруп, таштап койбойм, окуй берем, улам окуган сайын чыгарма башка бир кырынан ачылып чыга берет. Ч.Айтматовдун “Кыяматын” орусчасын да, кыргызчасын да жүз жолудан окуп чыктым окшойт.

 

“Мартин Иден” - улуу чыгарма. Кайсы бир батыштык китеп Ассоциациясы бул романды дүйнөдөгү эң мыкты шыктандыруучу (мотивациялык) китептердин алдыңкы катарына кошуптур болчу. Бирок чынын айтсам, кыргызча котормосу менин купулума толгон жок. Анткени сөзмө сөз которулган. Мен абдан урматтаган белгилүү котормочу байкем Мырзаян Төлөмүшов аксакал айткандай, мыкты прозада күчтүү ыргак жүрөктүн сокконундай болуп жыйрылып, кайра жазылып турууга тийиш. Аны туя албаган котормочу ошол мыкты прозаны катардагы эле маалыматтык супсак текстке айландырып салат.

 

Ошондуктан романды кайра которуп чыгайын деп кириштим да, туура үч ай дегенде которуп бүттүм. Менин котормом укмуш чыкты дегенден алысмын, менден кийин балким мындан да мыкты которгон бирөө чыгаар. Айтор, аткарылган ишке сынчы да, тараза да боло турган бул Окурман. Мага дагы бир жакканы, кай бир даражада Мартин Иден мага (же мен ага) окшош. Мисалы, Иден матрос болуп жүрсө, будуң-чаң түшкөн 90-жылдары (орустар “лихие 90-ые” деп коюшат) Шаматов алыскы сапарга каттаган жиндикана өңдөнгөн поюздарда узатуучу (проводник) болуп жүргөн. Мартин Иден тынымсыз жазса, Шаматов күнү-түнү иштегенге эчак көнүп бүткөн. 

 

- Токтосоңуз, поюзда жүрдүм дегениңиз кандайча? Ага чейин эмне жумуш кылгансыз? Шаарда жашап турдуңуз беле?

 

- Жок. Окууну аяктарым менен эле 1986-жылы туулуп өскөн жерим Лейлекке кеткем. Алыскы тоо арасындагы Тогуз-Булак деген айылдын мектебинде орус тили жана адабияты мугалими (мурдакы ФПИРЯЛ, азыркы БГУну аяктагам) болуп бир жыл иштегенден кийин эле райондук аткаруу комитетине инструкторлук кызматына чакырышкан. Баары бир эле күндө болуп кетти, кызматка чыккан биринчи эле күнү партиялык билет тапшырып, КПССтын катарына кабыл алышкан. Ошентип коммунист болдум. Аткаруу комитетинен партиянын райкомуна которушту, пропаганда жана агитация деген эң күчтүү бөлүм боло турган, мына ошол бөлүмгө өттүм. Ошондон тарта райондун ичиндеги ар кандай кызматтарга которо беришти. Партиянын кадр саясатынын күчтүүлүгү ушунда эле, улам бир оор участокко ыргытып коюп, сынап өстүрө беришчү. 93-жылга чейин партиялык-советтик иштерде иштедим, шаарга келерден мурдарак акыркы ишим алыскы, таптакыр артта калган бир айыл аймагынын башчысы (анда айыл өкмөтү деп коюшчу) эле. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ошол жерден өз арызым менен бошоп, Бишкекке келип калдым. Шаарга кетем деген оюм да жок болчу, жооптуу кызматтарга даяр кадр болуп, такшалып калган кезим эле да. Бирок баары бир ошол партиянын мектебинен өткөнүмө эч бир өкүнбөйм, анткени бул мага абдан чоң турмуштук да, кесиптик да мектеп болду. Ошол жерден алган тажрыйба, тагыраак айтканда, ишке болгон мамиле, жоопкерчилик, тартиптүүлүк бүгүнкү күнгө чейин мага абдан жардамы тийип келатат.

 

- Шаарга келдиңиз, анан темир жолго шар эле жумушка кирип кеттиңизби?

 

- Жок, кайдан. Келерин келип алып, кыйналып жүрдүм жумуш таппай. Базарга чыгып соода кылып көрдүм, менден коммерсант чыкпады. Анткени ага да шык керек экен да. Анын баарын айтып отурсам көп сөз. Айтор, бир күнү темир жолго ишке кирсем деген оюмду бажама айттым, а киши темир жолдо иштечү. Макул деди, бирок темир жолго ишке кирген ошо кезде абдан кыйын эле. Тааныштан-тааныш салып атып, араң киришет экен, анысын кайдан билем. Сураштырсам, анын адегенде окуусун бүтүп, дипломун алыш керек экен. Ошол окуу жайын издеп таап бардым. Кудай жалгап, деректири бизди орус тилинен экинчи-үчүнчү класста окуткан Далиев Юсупжан агай болуп чыкпаспы. Агайымдын жардамы тийип, эч кимге бир тыйын төлөбөй, оңой эле окууга кирип кеттим. Окуюн деп барсам, кудай бетин салбасын, бир кезде орустун жалаң безери боз балдары окучу темир жол училищесинин мартабасы университеттикинен да ашып турган чагы экен. Группадагыларды карасам, чылгый кундуз жака, норка тумакчан кычыраган кишилер, аялдар. Арасында мурдакы баш бухгалтер, врач-анестезиолог, “Алга” футбол командасынын сол канаттагы чабуулчусу, алтургай, театрын таштап баса берген балерина да бар болуп чыкты. Старостабыз политехникалык институтта кечки бөлүмгө сабак берген техникалык илимдин кандидаты экен. Үч ай окудук, анан практикага чыгып, поюзга миндик да, алгачкы алыс сапарга аттанып чыктык. Жанагы кычыраган группалаштардын көбү бир рейс жасап, Жалал-Абад поюзу менен барып келгенден кийин кетип калышты. “Бизге бул иш болбойт экен, минтип куурап акча тапкандан көрө таппай эле койдук”- дешти окшойт. Саналуу гана киши иштеп калдык, эң көп иштеген мен эле болдум окшойт, темир жолдон 2001-жылы арыз жазып чыгып кеттим.

 

- Журналистикага качан аралаштыңыз?

 

- Негизи мурда эле жазып жүрчүмүн. Менин атамдын бир тууган агасы Абдыраим Шаматов деген киши партиялык-советтик кызматкер, чоң акын болгон. Ошо кишиден мага жуккан болушу керек чыгармачылык шык. А кишинин төрт китеби чыкты, акыркысын Омор акем Сооронов өзү эле чыгарып коюптур. Омор акемдин өмүрү узун, ден соолугу бекем болсун.

 

Союз маалында университетке журналистика факультетине окууга өтүү абдан кыйын эле. Менимче, жаңылышпасам, эки жылдык эмгек стажы да болууга тийиш эле. Ошондуктан журналистикага башка жол менен барууну чечтим. Армиядан келерим менен 1981-жылы жаңыдан уюшулган Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институтуна тапшырып, өттүп кеттим. Бизди орус тилге Е.К.Озмитель, В.Янцен, В.Д.Скирдов, М.Кульчицкий, А.Н.Сыдыков, Ж.Ч.Жүдөмүшов жана башка көптөгөн тилчи дөө-шаалар окуткан. Азыр ойлосом, жаңы окуу жайына Кыргызстандын мен-мен деген мыкты окумуштуу тилчилери, лингвисттери тартылган экен ошондо. Бул инсандар нравалык маданияты абдан бийик, билими терең, чыныгы устаттар эле. Агайларым менен дайыма сыймыктанам.

 

Журналисткага 1987-жылдан тарта кириштим. Райондук гезитке тынымсыз макалаларым чыгып турчу, жадатма, супсак нерселерден атайын качып, жаңы нерсеге, жаңы темаларга ыктап турган жаш кезибиз эле. Темир жолдо иштеп жүргөндө деле макалаларды жазып турдум, “Дело” гезитине, анан кыргызча гезит бар эле, “Караван” беле жаңылбасам, ошого чыгып турду.

 

Кийин темир жолдон кеткенден соң эми журналистканы чындап багындырайын дедим. Ошо кезде “Асаба” гезити катуу чыгып аткан маал болчу, мен да Мартин Иденге окшоп, авторлордун жазганын окуйм, бирок өзүмүн жазгандарым деле алардыкынан түк кем эмес экенин билчүмүн. Бир күнү жарыя чыгып калды, гезит кабарчыларды тандап алат деп. Барсам, эл толтура экен, акыры өчүрөт жеткенде кирсем, талапкерлер менен “беседа” кылып аткан кадимки эле Баратпай акем болуп чыкты. А кишини “Кадырман карыларым” деген теледеги берүүсүнөн улам билчүмүн. Көрсөтүүнүн өзүнүн мага түк кызыгы жок эле, мени тартканы Баратпай акенин так эле Высоцкийдикиндей кырылдаган үнү болор эле. Ошентип маңдайында кудум экзамен тапшырып аткансып, отурам. Жазып ала барганыма бир сыйра көз чаптырып чыкты да: “сеники жарайт”,- деди. Башка кеп болбоду, чыгып кете бердим. Ошондон көп узабай “Асабаны” жаап тынышты да, анын ордуна Ак үйдүн клон – “Асабасы” жарыкка чыга баштады. Арманда калган жаным клонуна болсо да кирем деп орношуп, бир жылдай иштеген соң күнү бүттү да, тарап кеттик. Кийинчерек “Бишкек таймс” гезитине барып иштеп калдым. Мен абдан сыйлаган агам Нуралы Капаров мыкты адис редактор эмеспи, гезиттин нускасы саналуу эле айларда кескин жогорулап, элге алынып кетти. Анын да “түбүнө” жетишкенде (ким талашканын айтпай эле коеюн) мен Россияга, Сахалинге кетип калдым.

 

- Ооба, “Сахалин сапары” деген мыкты көркөм очеркиңизди окуган элек. Угушума караганда, көптөр аны кадимки эле нускама-инструкциядай кылып, керектүү жерлерин кыркып алып да окушкан экен. А эмнеге сиз бул турган Москвага эмес, тээ жердин түбү Сахалинге кеттиңиз? Ким болуп иштедиңиз ал жерде?

 

- Армияда мен көптөр мурдун чүйүргөн “стройбатта” кызмат өтөп, бир топ керектүү курулуш адистиктерин үйрөнүп келген элем. Таздын көөнү куруйт тилейт болуп, мен да десантка кызмат кылсам деп кыялданчумун. Бирок кайдан, боюң араң эле 1,65 болсо, сени ал жакка ким алмак. Агезде патриоттук сезим деген абдан күч эле, согуш башталып аткан Афганистан романтика көрүнүп, эрдик жаратууга шыктанган жаным райондук аскер комиссариатына кирип, ошол жакка өз ыктыярым менен барам дедим. Аскер комиссары Хитько деген жинди чалыш майор болчу, угуп укпай, орустун үч кабат маты менен ашата сөгүп туруп, дыргаяктата кууп чыкканы эсимде. Эч кайда барбай эле, Москванын чок ортосундагы  № 000212 курулуш батальонуна барып түштүм да, эки жыл кызматымды өтөп кайттым. Эми ойлосом, курулуш иштерин үйрөткөнү жакшы болгон экен, керек учурда жардамы абдан тийип атат.

 

Москваны көрө берип тажаганмын чынында. Аскерде ошол жакта жүрдүм, анан №17 Бишкек –Москва поездинде иштегенде да ошол жакка каттадым. Андыктан башка жагы кызык эле мага, ошентип жүргөн күндөрдүн биринде ал жакта иштеп аткан бажам шашылыш чакырды да, ит куугундай тездик менен Сахалинге учуп кеттим. Адегенде Сахалин – 2 деген эл аралык долбоордо карапа кыноочу (плиточник), анан ошол эле долбоордогу “Кентек” деген канадалык электр компаниясында монтаждоочу болуп иштедим. Аскерден алган кесиптердин пайдасы ушул жерден дагы тийди.

 

Дем алыш күндөрү жыйырма мүнөттө жетчү Корсаковск деген чакан шаарча бар эле, ошол жакка барчубуз кыдырып. Балдар пийва ичип эс алса, мен паркта отуруп алып, жергиликтүү гезиттердин ар бир санын окуп, талдоо жүргүзөм. Анан бир күнү эртең менен редакциясына барып, орун басар редактору менен таанышып, сүйлөшө кеттим. Жанагы талдоо жүргүзүп, жазып жүргөндөрүмдү көрсөтүп, гезиттин ишин жакшыртуу боюнча бир топ сунуш-пикиримди айтсам, абдан жанданып, кубанып кетти. Башта бул кайдагы неме деп жаман көзү менен караган эле, аңгеменин жүрүшүндө дароо өзгөрүлүп, кадимки кесиптештей сүйлөшө кеттик.

 

Кыргыздарды жаман көрүшөрүн билип эле турам.  Биздикилер жөн жүрбөйт да, аракка тоюп алышып сөгүнүп сагынып, ары-бери сүйрөшүп жүрө беришет, какырынып түкүрүнүп, кечке эле угуза мурундарын чимкире беришет, анан ким жакшы көрсүн. Замредактор да кыргызмын десем таң кала чочуй түшкөнү ошондон. “Первый раз вижу нормального, образованного киргиза”- дейт кайра-кайра таңданганын айтып.

 

Экөөбүз бабыраша берип, ал ортодо убакыт түш болуп кетиптир. “Кой, буга чай алып берип, жакшылап таанышып алайын”- дедим да кафеге алып бардым. Кокусунан эле тамактын алдынан “бирдеме сеп этпейсиңби?”- деп сурай салсам, “кым” дей түштү. Анан менин айтаар оюмду айттырбай туруп эле өзү айтып койду, “бизге келип иштебейсиңби?”- деп. Макул болмокмун, бирок айлыгы аз, анан да жатакана жагы кымбатыраак түшөт экен. Эки киши эмес, жыйырма эки киши болуп жашасаң, ошондо арзан жашайт экенсиң. Бирок бир жылда бир материкке курортко жибергени абдан жакты. Анткени аралда өмүр бою жашап келатканы деле материкке кетем деп дегдей берет экен. Адегенде таң калып жүрдүм, көрсө, булар бир замандарда Сахалинге сүргүнгө айдалып келгендердин тукумдары тура, материкке жетпей, сөөгү ушул жерде калган ата-энелеринин арманы, үмүт-кыялдары көнүмүш болуп, эми буларга өткөн окшобойбу.

 

Кыскасы, гезитке иштегенге макул болбодум. Андан көрө “сайтта” (биз жашаган шаарчаны ушинтип коюшат) иштегениң жакшы эмеспи. Эң заманбап жатакана, даамдуу тамак-ашы, спортзалы, кинозалы, китепканасы бүт бар, айлыгыңды ыйманы ысык элпек япондор конвертке салып, иштеген жериңе жеткирип беришет, жөн бербей, кайра-кайра жүгүнүп, ыракматын айтып кетишет. Эмнеси жаман...

 

(Кызыктуу аңгеме-маектин уландысы кийинки санда)

 

 

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити