Өткөн жумада Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагынын Тенги айылында буга чейин салтка айлангандай, “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулардын катышуусунда коомдук угуу өткөздү. Жыл сайын компаниянын өкүлдөрү жаз жана күз айларында, эки ирет карапайым калк менен жолугушуп, ал ортодо пайда болгон көйгөйлөрү талкууга алышат.

 

Жыйындын жүрүшүндө “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Жайыл Дадиев аткарылган жумуштар боюнча отчетун тартуулады. Анын айтымында, компания ушул күнгө чейин Кыргызстандын экономикасына 430 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган. Мындан сырткары, бюджетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөр иретинде дээрлик 3 млрд сом түшүргөнү айтылды. Тоо-кен өндүрүшүн алсак, “Бозымчак” кени “Кумтөрдөн” кийинки эле ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат. “Бозымчакта” негизинен жез казылып алынат, анын болжолдуу запасы – 140 миң тоннаны түзсө, 23 тонна алтын, 144 тонна күмүш да бар экени белгилүү. Компания менен түзүлгөн меморандумга ылайык, жыл сайын жүз миллиондогон сомдук каражаттар атайын райондук өнүктүрүү фондуна түшүүдө. Айыл аймактары атайын долбоорлорду жазуу менен, андан каражат бөлдүрүп, тиричилигин оңдоп турууга жакшы шарттар түзүлгөн. Алтын кен жайгашкан Көк-Таш айыл аймагы мурда дотацияда турган болсо, учурда анын бюджети 80 миллион сомдон ашат. Эми мынча эбегейсиз каражатты кайда жумшаарын да билишпейт. Анткени, мектеп, ФАП, клуб, жолдор багытында көйгөйдүн баары компаниянын катышуусунда ийгиликтүү чечилген. Баса, компания тарабынан ири көлөмдө каражат жумшалып, электр чубалгылары тартылып келингендиктен, мурда бул жагынан Өзбекстанга көз каранды болуп келген айылдарда свет үзгүлтүксүз күйүп турат. Район борборунан бери көз карандысыз жол салынып, элге кызмат кылууда. Айтып олтурса, мындай мисалдар арбын. Ток этерин айтсак, компаниянын келиши менен Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймагынын элинин турмушу кадимкидей жакшырган.

 

Ал эми коомдук угуу орун алган Көк-Серек айыл аймагы жөнүндө кеп кыла турган болсок, анда алты айыл бар, жалпысынан 7026 адам жашайт, 1246 кожолук катталган. “Бозымчакта” миңге чукул адам иштесе, анын үчтөн бири Көк-Серек айыл аймагынан экени белгилүү. Айыл тургундарынын арасында тоо-кен адистери дээрлик жок болгондуктан, компания балдарды тандап, өздөрү окутуп, эмгек жамаатка кошуп келет. Көк-Серек  айыл аймагы дотацияда турат, бюджети 1 миллион 800 миң сомдун тегерегинде. Мындай шартта, “Бозымчак” аркылуу жасалып жаткан иштер купулга толорлук. Мисалы, жыл сайын айылдык депутаттар өз алдынча талкуулап, социалдык пакет түзүп, компания ошонун негизинде бир топ жардам көрсөтүп келе жатат. Мисалы, аймактык оорукана, орто мектеп, бала бакча толугу менен компаниянын көмөгүндө капиталдык ремонттон өткөзүлгөн. Бирлешкен айылында жаңы ФАП салынган.

 

Райондук өнүктүрүү фондуна түшкөн каражаттын эсебинен Бирлешкен айылында 1.5 км., Тенге айылында 2 км. жолдорго асфальт төшөлгөн. Бул иш дагы да уланууда. Ошол эле Бирлешкенди жарыктандыруу жагы колго алынган. Быйыл айылдык депутаттар соцпакетке долбоор даярдап, 14,5 млн сомго спортзал салдырууну пландап коюшуптур.

 

Биз бул кээ бир гана компаниянын жардамы менен жасалып жаткан иштерге токтолгонубуздун себеби – коомдук угуу учурунда айылдын айрым жаштары тарабынан компаниянын өкүлү Жайыл Дадиевге абдан катуу басым жасалды. Алардын койгон талаптарын толугу менен негизсиз деп айтсак болот. Ар дайым чындыкты көздөп, жети жыл атамбаевдик бийликке каршы туруп, элдин үнүн коркпостон чагылдырып келе жаткан “Майдан” гезитинин өкүлүнө да бул жаштардын опурулуп, маданиятсыздыгын көрсөткөнүн белгилеп кетүү парз. Сырттан караган адамга жаштардын бул кылыгы катардагы эле цирктен айырмаланган жок. Микрофонду колго алып алышып, райакимдин орун басарын, ички иштер бөлүм башчысынын, аксакалдар кеңешинин төрагасынын сөзүн укпастан, ойдон чыгарылган дооматтары менен чогулган элди адаштырып, козутуп жатышканына чындап зээниң кейийт экен. Бул бир чети жаштыктын деми эмеспи, жалындап турган учур. Ошентсе да, фактыларды туура пайдаланганды билүү керек. “Одна бабка сказала...”- дегендин деңгээлине түшө берген туура эмес.

 

Жаштардын бизге опурулуп, “биздин кенибизди ташып, талап жатышса, аларга адвокат болгон силерде ата-мекенге күйүү сезими барбы?”- деген сөзүн алалы. Псевдопатриоттуулук менен ата-мекенге күйүүнү салыштырбоо керек. “Бозымчак” кыргыз мыйзамдарына баш ийет. Элдин талабына дайыма аткарып келе жатат. Инвесторлордун баарын эле токмоктой берсек, экономика качан өсөт? “Кумтөрдү” эле карагылачы, өзүнчө мамлекет, президент да кире албайт. Ага салыштырмалуу, “Бозымчактын” ишин жергиликтүү эл кирип-чыгып, көзөмөлгө алып келатпайбы. Ачык иштеген компания, бардык сурооңорго түз жооп берет экен. Дагы эмне керек?

Мисалы, “Бозымчакта” жездин шылтоосу менен “эбегейсиз кыргыз алтыны эч көзөмөлсүз ташылып чыгып кетип жатат” да жатасыңар. “Бозымчакта” өндүрүлгөн концентраттагы баалуу металлдардын көлөмүн көз карандысыз эл аралык компания текшерип турат. Мына ошол компаниянын маалыматы боюнча, компания тарабынан өндүрүлгөн концентраттын бир тоннасындагы алтындын үлүшү болгону 0.034 граммды түзөт экен. Цифралар өзү сайрап турса, жөн эле элди дүрбөтүп, жан сабаган менен не пайда?

 

Мына ошол бир ууч балдар тарабынан көтөрүлгөн дагы бир маселе – компаниянын кызматкери Айбек Маматкерим уулунун өлүмү. Бул боюнча да: “компанияда иштеп жүрүп, рак дартына чалдыгып, өлдү”, “компания жардам бербеди”- деген дооматтар айтылды.

 

Тийиштүү адистер рак үчүнчү, кээде төртүнчү даражасына жеткенге чейин билинбей турганын айтышкан. Эгерде “Бозымчакта” зыяндуу өндүрүш орун алган болсо, башка жарандар эмнеге ден соолугу жакшы? Айбектин ден-соолугуна кам көрүп келген врач-терапевт Людмила Байматова Айбек 2015-жылдан бери медициналык кароодон такай өтүп келаткандыгын айткан. Буга чейин анда кандайдыр бир патологияны (ден соолугунун бузулуп бараткан белгилери) байкашкан эмес. “2017-жылдын июнунда ал флюрографиядан да жакшы өткөн, бардык органдары аман-соо болчу, кардиограммадан жүрөгү да жакшы болгон. Анализдеринде да эч кандай онкологиялык оорулардын белгилери байкалган эмес. Эгерде окуянын тартибин кайра калыбына келтире турган болсок, анда ал ушул жаңы жылдан тарта ооруган жана дарыланууга Оштогу онкологиялык борборго барган. Ал жактан дарыланып, апрель айында Бишкекке келген. Менден ооруган туурасында баракча ачтырып кеткен. Ошондо ад баягыдай шыпылдаган шайыр жигит эмес, катуу ооруга чалдыккан адамга айланып калганын көрдүм. Метастаздар да пайда болгон экен, бул шишиктин жайылышы дегенди билдирет. Метастаздар пайда болгон учурда бул оору абдан коркунучтуу чекке жеткенин билдирет жана ал абдан узак убакыт бою дарыланат. Көп учурда бул адамдын өлүмү менен коштолот. Мындайча айтканда, медицинанын алы келбей калат. Айбек май айында да келип кеткен. Тилекке каршы, анын өмүрүн чырмаган катуу дарттан сактап калууга мүмкүн болгон жок”,- дейт дарыгер.

 

Баса, коомдук угуу учурунда Жайыл Дадиев Айбек кандай жерде иштегени тууралуу видеороликти тартуулагысы келген. Бирок, бир ууч адамдын көкүткөнүнө байланыштуу, ышкырык-өкүрүктөн ал көрсөтүлбөй калды. Бул тууралуу биз мурда да жазганбыз. “Чүй экологиялык лабораториясы” эл аралык статусу бар, көз карандысыз ишкана. Өлкө боюнча иш шарттарын бардык жагынан текшерип, бүтүм чыгарат. Экспертиза кымбат турат, бирок, анын бүтүмү бүт дүйнөдө таанылат. Аларды сатып алууга да болбойт, анткени алар өз репутациясын өтө жогору баалашат, “честь дороже всего...”- дегендей эле кеп. Мына ошол эл аралык лицензиясы бар лаборатория “Бозымчактагы” концентратты суудан арылтуу боюнча аппаратчиктердин да жумуш ордунун шартын иликтеген. Зыяндуу химиялык заттар, 1ден 4-даражага чейинки коркунучтар классы, чаң, вибрация, үн, электромагниттик чагылуулар, гигеналык факторлор, микроклимат, жарыктандыруу, жумуштун оордугу, биологиялык факторлор боюнча изилдөө жүргүзүп, баары нормада экени жөнүндө тыянакка келишкен. Мисалы, зыяндуу химиялык заттар, чаң, вибрация, оору жумуштар, биологиялык факторлор такыр эле жок болуп чыккан. Коркунуч класстары боюнча да эчтеке жок. Ушунун өзү эле Айбектин дартына жумуш ордунун эч кандай тийешеси жок болгонун далилдеп турбайбы!

 

Коомдук угуу учурунда Жайыл Дадиев компаниянын атынан Айбектин атасына 100 мин сом тапшырылгандыгын айтууга аргасыз болду. Муну ал киши да жокко чыгарган жок. Бирок, жергиликтүү активисттер толук-кандуу компенсация маселесин коюшту. Бул жаатта атайын комиссия түзүлүп, бүтүм чыгарылып, анда Айбектин так ушул иштеген жерине байланыштуу ооруга чалдыкканы тастыкталышы кажет. Ошондо гана компенсация маселеси коюлат. Компания өкүлдөрү буга да макул, акыры эл чындыкты билип, маселе жабылышы керек го.

 

“Биз активист жаштар компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Өлкөбүз казынасына акчасын төгүп, мыйзамда жазылган талаптардын бардыгын аткаруусун талап кылып жатабыз”- деп активисттердин бири пост жазыптыр. Булар эмне, бүтүндөй мамлекет бул маселенин баарын көзөмөлгө алып жатпайбы! Айтор, коомдук угууну ызы-чууга айланткан жаштардын көздөгөнү, алдыга койгон максаты таптакыр башкада экенин куралсыз көзгө да көрүнүп турат.

 

Биз коомдук угуудан кийин эл аралап, жергиликтүү тургундардын компанияга карата чыныгы мамилесине кызыгып көрдүк. 98 пайыз эл “Бозымчактын” келиши менен турмуштарында жакшы өзгөрүүлөр болгонун, инвестор сөзсүз ишин улантышына кызыкдар. Мына башкы корутунду ушунда жатат...

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити