Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун текшере турганын билдирди. Тийиштүү документтер акыйкатчы Токон Мамытовдон келип түшкөн.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун айтымында, алар ТИМге сурамжылоо жиберишкен, учурда жообун күтүп жатышат. Эгер депутаттын чын эле Кытай жарандыгы бар экени аныкталса, анда ал мыйзам боюнча мандатынан ажыратылат.
Сулейманов СССРдин жараны болуп жүргөнүн, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз жаранына айланганын, ошондон бери бир эле өлкөнүн паспортун көтөрүп жүргөнүн айтууда.