Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган жер астынан өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Буга чейин Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы көп болуп, коопсуздук жагынан көйгөйлөр жаралган. Ага байланыштуу 2016-жылдан бери эле тургундар жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын белгилеп келишкен.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган өтмөктүн курулуш аяктап, бүгүн ачылуу аземи болду. Бул аземге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Жогорку кеңештин бир катар депутаттары, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар жетекчилери менен тургундары катышты. Шаар мэри Мурутала Тагаев премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков шаарга келип, өтмөктүн долбоору менен таанышканын, аны курууга ак батасын бергенин, колдоо көрсөткөнүн айтып өттү. Ошондой эле курулуш убагында жол жабылган, элге ыңгайсыздык жаралганын, ага шаардыктар сабырдуулук менен мамиле кылганын белгиледи жана шаардыктарга ыраазылык билдирди.
Келген коноктор шаар калкын бул ийгилик менен куттукташып, аксакалдардын ак батасы менен тасма кыркышты.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи курулган жер асты өтмөгүнүн ачылышы майрамдагыдай салтанаттуу өтүп, шаар тургундарынын кубанычы ачык байкалып турду.