Жогорку Кеӊеш тарабынан кечээ, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызмат ордуна шайланган Мамытов Токтокүчүк Болотбекович парламентте салтанаттуу ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткаруу киришти.
Токтокүчүк Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Пржевальск педагогикалык институтун, андан кийин СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун жана институтун бүтүргөн. Генерал-лейтанант чени, профессор наамы бар. Ал буга чейин Премьер-министрдин кеӊешчиси жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеп турган.
Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан шайланган Акыйкатчы парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.