Жогорку Кеӊеште Максим Бакиевдин каржы консультанты Евгений Гуревичтин Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарып кеткен каражатка байланыштуу билдирүүсү боюнча тийиштүү органдардын иликтөө иштери боюнча маалымат угулду.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Евгений Гуревич жакында берген маектеринин биринде Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткенин айткан. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзүү чаралары улантылууда.
«Бирок, Гуревич уурдалган каражаттын дареги, анын булактары, анын банк эсептери жөнүндө так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткен деп эле кайра-кайра кайталоодо. Ошондон улам, кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркы учурда Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн доллар каражатынын гана дареги бар, ал банкта тоӊдурулган. Кыргызстан азырынча ал каражатты ала элек», - деди ал.