Коррупция боюнча Транспорт министрлиги биринчи орунда турат. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү так ушул министрликтен улантуу керек. 

 

Мындай пикирин парламент жыйынында депутат Сайдолимжан Жураев билдирди. 

 

Айтымында, жол жана көпүрө курулуштары боюнча көптөгөн долбоорлор дале баштала элек. Ишке аша баштагандар деле мөөнөтү боюнча артта калгандар. 

 

Ошондой эле, 2017-жылы Эсеп палатасы аталган министрликте 351 миллион сомду үнөмсүз пайдаланганын аныктап чыкканын белгилеген депутат, министрди кызматтан алууну сунуштады.