Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы 26-сентябрда ШИИБ жана РИИБдин кызматкерлерине карата "бейбашчылык" жана "кызмат абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка караганда, 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү ШИИБдин кызматкери Н.Н. Октябрь райондук бөлүмүнүн милиционери А.Э.ге ок чыгарган. Жабырлануучу ооруканага кайрылып, ал жактан алган жарааттары аныкталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, ок атуу фактысын жашырып коюшкан да, айыптууга карата тийиштүү чара көрүшкөн эмес. Кылмыш иши иликтөө үчүн компененттүү органга өткөрүлүп берилди.