“Президент ушул темп менен иштей берсе, мамлекет туңгуюкка кептелет”
- Сооронбай Жээнбеков жакшы иштеп жаткандай түр көрсөткөнү менен элдин саясий туткундарды чыгарып, коррупцияга шектелип, бирок чет мамлекетке качып кеткендерди эмнегедир таптыртпай жатканы үчүн элдин ишеними азайып баратат. Себеби, эл президенттен Садыр Жапаровду, Текебаевди жана саясый куугунтуктун негизинде камакка алынгандарды чыгарат деп күткөн. Эгер президент ушул темп менен иштей берсе, мамлекет туңгуюкка кептелет. Акчанын куну кетип, Жаңы жылдын ар-жак бер жагы инфляция болуп, турмуш оорлойт. Президент айласын таба албай калышы ыктымал. Бизге акча бере турган мамлекет калган жок. Ошон үчүн башка мамлекеттен акча алалбайбыз. Өзүбүз аракет кылбасак, маселе оорлойт. Айтмакчы бул бийлик буйрутма киши өлтүрүүгө жол бербеши керек. Ошондой эле бийликти башкарууга, каршылаш тарапты алсыратууга кара күчтөрдү да колдонбошу керек. Эгер аралаштырып, буйрутма киши өлтүрүүгө жол бере турган болсо, анда абал таптакыр башка нукка бурулат.
“Өрт аркылуу белги берилди”
- Укук коргоо органындагылар Кыргызстандын туш тарабынан чыгып жаткан өрттүн чыгыш себебин иликтеп, аны кимдер кандай максатта уюштуруп жатканынын аныгына чыкпаса, эми ал топ жардырууну баштайт. Мен да кудай сактасын деп, жакамды кармап турам. Бирок, мага түшкөн аян боюнча өрт аркылуу берген белгини түшүнбөсөк, эми ал кылмыштуу топ баң-баң деп жарылган жардырууну баштаарынан кабардар кылууда.
Негизи өрттү карапайым адамдар жасаган жок. Аны уюштурган кылмыштуу топтун катарында органдын адамдары да бар. Ошон үчүн кырдаалды жөнгө салып, колго алыш үчүн президент диний жакка да тапшырма берип, экстремизмдерди да күрөө тамырынан кармашы керек.
“Жантөра Сатыбалдиев колундагы документтерге ишенип турат”
- Жанторо Сатыбалдиев акталам деген максатта тийиштүү документтерди топтоп жатат. Башкача айтканда ал колундагы документтерге ишенип, “акыйкаттык болсо темир тордон кутулам”- деген ишеними күч. Бирок, бийликтегилер анын ден соолугуна кайдыгер карап, ооруканага которбой койсо, оорусу өтүшүп кетип, аны каматкандар элдин наалатына калат.
“Шадиев камалат”
- Шадиевди жакшылап издесе эле, колго түшөт. Эмнегедир укук коргоо органдары анчалык издебей, “эл унутуп калсын”- дегендей мамиле жасап жатышат.
“Токон Мамытов Акыйкатчы болот”
- Токон Мамытов аталган кызматты чечүүчү кишилер менен чечип койгон. Ошон үчүн каршы чыккандарга карабай ошол кызматты аркалайм деп турат. Бирок, ага атаандаш катары бир аял жана дагы бир эркек чыгат. Бул киши менен катар аял кишини да көп колдошот. Бирок, күн мурунтан чечип койгон үчүн Токон Мамытов Акыйкатчы болот.
“Текебаев жолун ачтырбаса, түрмөнүн тузу тарта берет”
- Текебаев жолун ачтырбаса, ана-мына камактан чыгат дегени менен чыгаар күнү кечеңдей берет. Анткени, түрмөнүн тузу оор. Тезирээк жолун ачтырбаса ооруканадан түрмөгө, түрмөдөн ооруканага которула берет. Ошон үчүн тезирээк жолун ачтырышы керек. 7 жолу Кудай тамак бериши керек. Ал тууралуу чоң жыйындарда дагы сүйлөшүү болгону менен жолу жабылып калгандыктан чыкпай жатат. Быйыл чыгып албаса, эмки жылы эркиндикке чыгышына жол жок болуп калат.
“Сүйүн Өмүрзаков кыйшың этсе эле кызматынан кол жууйт”
- Сүйүн Өмүрзаковдун үй-бүлөсү намаз окуйт деген аян келип жатат. “Мамлекет үчүн кызмат кылам” дегени менен кайсы бир аракеттери үчүн жогору жакка жакпай жатат. Башкача айтканда, анын бардык кыймыл-аракети жогору жактын жеке көзөмөлүндө. Кыйшың этсе эле кызматынан кол жууйт. Жеке кызыкчылыктан ишти жогору койбосо, күтүлбөгөн чоң тоскоолдуктарга кабылат.
“Курсан Асанов эки тоскоолдукту жеңсе, зоболосу көтөрүлөт”
- Курсан Асановдун элдин жүгүн көтөргөн, кыйын кырдаалды жолго сала алган артыкчылыгы бар экен. Ал ишиндеги эки тоскоолдуктан татыктуу өтүп кетсе, иши илгерилейт. Зоболосу мындан да көтөрүлөт.
“КСДПнын быт-чыты чыгат”
- Азыр президент тымызын иш кылып, орун-очок алып жатат. КСДПны тартып алайын деген максаты да жок. Ал партиянын миссиясы бүттү. Эми быт –чыты чыгат. Дагы эки киши камалат.
Аэлита Сатындиева
P.S. Жолумду ачтырам, төлгө салдырам дегендер 0776 21 00 00, 0709 21 78 58 номерине байланышса болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити